Бишкектин борборунда тынч жыйын өткөрүүнү чектеген чечимге каршы чыгышты

  • 3 года мурун

“8/365 кыймылы” демигелүү тобу тынч жыйын өткөрүүнү чектеген чечимге каршы Бишкек шаарынын Биринчи май сотуна арыз беришти.

Бул тууралуу Евгения Крапивина Фейсбук баракчасында билдирди.

Движение 8/365 обжаловали Решение Первомайского райсуда об ограничении мирных собраний
Алтын Капалова Надира Масюмова Мохира Дильбаровна и многие другие

Опубликовано Евгенией Крапивиной Четверг, 4 марта 2021 г.


	

Буга чейин Биринчимай соту бул райондун акимчилигинин 22-февралдан 22-апрелге чейин Бишкектин борборунда тынч жыйын өткөрүү чечимин кабыл алышкан.

Баш калаада ар жекшемби сайын активисттердин мыйзамдуулук үчүн акциясы өтүп келсе, 8-мартта аялдарды коргоого багытталган жүрүш уюштуруу пландалып жаткан. Эми соттун чечими менен тынч жыйындар Максим Горький атындагы сейил багында өткөрүлүшү керек.

Маалыматка караганда, сотко жекшемби күндөрдөгү митингдерге байланыштуу Биринчи май райондук акимчилиги арыз менен кайрылган. Мекеменин арызында шаар борборундагы митингдер «жарандарды тынчсыздандырып», анын катышуучулары транспорт кыймылына тоскоолдук жаратып, жолдорду тосуп жатканы жазылган.

Басылма жүрүштүн катышуучулары жолду тосуп, автоунаа кыймылына тоскоолдук кылбаганын белгилөөдө.

«Медиазонанвын» маалыматына караганда, соттун чечими 22-февралда эле күчүнө кирген. Митингдерге тыюу салуунун дагы бир себеби катары коронавирус инфекциясынын жайылып жатканы айтылууда. Бирок 3-мартта борбордук аянтта мамлекеттик туу күнүнө, 4-мартта ак калпак күнүнө карата көп киши катышкан иш-чаралар өткөн.

Былтыр да Биринчи май райондук соту коронавирустун жайылуусун алдын алуу максатында 1-июлга чейин митингдерди жана жүрүштөрдү өткөрүүгө тыюу салган. Сот чечими күчүнө кирген маалда өлкөдө коронавирус жуктурган бир да учур каттала элек болчу.

8-мартта тыюуга карабастан адамдар Жеңиш аянтына чогулуп, «Аялдардын шериктештик маршы» деген ураан менен акция өткөрүүгө даярдык көрүп жаткан учурда ал жерге беткап, калпак кийген белгисиз адамдар барып, акцияны үзгүлтүккө учуратышкан.

Милиция кызматкерлери чагымчыларды эмес, тынч турган уюштуруучуларды кармап кеткен. Укук коргоочулар менен эл аралык уюмдар зомбулукка каршы жүрүштүн катышуучуларынын кармалышын кескин айыпташкан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты