​АКШ элчилиги Камчыбек Көлбаевдин бошотулушу боюнча билдирүү тараттты

  • 3 года мурун

АКШ элчилиги Камчыбек Көлбаевдин бошотулушу боюнча 3-мартта билдирүү таратты.

Билдирүүдө мындай деп айтылат:

— Америка Кошмо Штаттары баңги заттарын сатуу, адам сатуу, курал-жарак сатуу жана башка коркунучтуу кылмыш иш-аракеттери менен алектенген кылмыштуу тармагы бар, эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун башчысы, киши өлтүрүү үчүн жоопко тартылган Камчыбек Көлбаевдин бошотулгандыгына байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирет.

“Камчыбек Көлбаевдин баңги заттарын сатуу тармагы Борбор Азияда, Россияда жана Европада балдарды ууландырып келет, ушул себептен АКШнын Мамлекеттик департаменти анын кылмыштуу тармагынын бузулушуна алып келген маалымат үчүн 1 миллион долларга чейин сыйлык сунуш кылган,” – деп билдирди АКШнын элчиси Дональд Лу.

АКШ 2012-жылы Көлбаевди дүйнөдөгү эң ири наркобарондордун тизмесине кошкон.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда социалдык түйүндөрдө «Көлбаев Бишкекте бир нече машиненин коштоосунда жүрөт, мамлекеттик резиденция тарапка өтүүгө аракет кылды» деген сүрөт жана видеолор жарыяланган.

Кримтөбөл Камчы Көлбаев 2020-жылы 22-октябрь күнү Бишкек шаарында кармалган.

23-октябрдан тарта соттун чечимине ылайык, тергөө бүткөнгө чейин УКМКнын СИЗОсуна жайгаштырылган. Камчы Көлбаевге Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин “Кылмыштык топ уюштуруу же ага мүчө болуу” беренеси менен сотко чейинки иш өндүрүшү башталган. 2020-жылдын 2-ноябрында Камчы Көлбаев ден-соолугуна байланыштуу 47-түзөтүү колониясына которулган.

2-мартта Камчы Көлбаев эч жакка кетпөө шарты менен колониядан чыгарылганн.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты