​Журналисттик иликтөөдөн кийин Бишкектеги парктар боюнча прокуратура кылмыш ишин козгоду

Журналисттер Адил Турдукулов жана Булат Сатаркуловдун командасы даярдаган “Коррупциялык мезгилдин парктары”- “Парки коррупционнного периода” аттуу журналисттик иликтөөдөн кийин Бишкек шаарынын прокуратурасы бүгүн, 1-мартта, “Жаштык”- “Молодежный” жана “Каражыгач багы» — “Карагачевая роща” парктарындагы коррупция боюнча кылмыш ишин козгоду.

Бул тууралуу иликтөөчү журналисттер билдирди.

Ал эми “Наше право” коомдук фондунун өкүлү Светлана Антропова буларды кошумчалады:

— Журналисттик иликтөөдө айтылган коррупциялык көрүнүштөр “Жаштык” -“Молодежный” жана ”Каражыгач багы”- “Карагачевая роща” парктары боюнча Бишкек шаардык прокуратурасы кылмыш ишин бүгүн козгогонун билдирди. Журналисттик иликтөөдө айтылган Фучик атындагы дагы бир парктагы коррупция тууралуу да иш жүрүп жатканы маалым болду.

Бишкек прокуратурасы парктардагы коррупциялык көрүнүш боюнча кылмыш ишин козгогону алкоого татырлык. Журналисттик иликтөөдө аталган үч паркты реконструкциялоого Бишкек шаардык мэриясы 90 млн сом бөлгөндүгү айтылган. Бул акчага парктарга асфальт төшөлүп, олтургучтар, көзөмөл камерасы, ажаткана жана башка иштер жасалып, парктар мизилдеп калмак. Бирок иш жүзүндө андай болгон эмес, — деди Антропова.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты