​Кыргызстан менен Тажикстан чек арада кармалган жарандарын кайтарууну сүйлөштү

  • 3 года мурун

22-февралда Баткен облусунун Лейлек районундагы Борбордук-Арка (Хожент-Канибадам) жолунун боюна жайгашкан ресторанда эки тараптын өкүлдөрү жолугушту.

Жолугушууга Кыргызстандын Лейлек, Тажикстандын Гафуров райондорунун акимдери, прокурорлору, милиция, коопсуздук жана чек ара кызматтарынын аймактык жетекчилери катышты.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев «Азаттык» радиосуна чек араны мыйзамсыз бузуп кармалган кыргызстандык тогуз жаранды, Кыргызстанда да ушундай себеп менен кармалып турган тажикстандык 15 жаранды мекенине кайтаруу маселеси талкууланганын билдирди.

Жолугушуу кыргыз тараптын демилгеси менен өттү.

Лейлек районундагы Борбордук-Арка (Хожент-Канибадам) жолу Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында, эки өлкө ортосунда жайгашкан.

22-февралда Баткенде облустук акимчиликтин алдына жүздөй киши чогулуп, түрдүү себептер менен Тажикстанда кармалып турган туугандарын бошотуп берүүнү облустук бийликтен талап кылышкан.

Алар жыйырмадан ашуун кыргызстандык жаран «чек арадан мыйзамсыз өткөн», «аткезчилик менен товар ташыган» деген негизде Тажикстанда кармалып турганын айтып чыгышкан.

Анда облустагы өкмөттүн өкүлү Өмүрбек Суваналиев 16-февралда кармалган кыргызстандыктарды алып келүү боюнча чара көрүп жатканын билдирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 16-февралда Кыргызстандын беш жараны Тажикстандан 900 кг металлды, эки бодо малды, үч койду мыйзамсыз чыгарып бара жаткан жеринен тажик чек арачылары тарабынан кармалганын маалымдаган.

Алардын ичинен эки адамдын үстүнөн Тажикстандын күч кызматтары тергөө иштерин жүргүзүүдө. Учурда кыргызстандык жарандарды кайтаруу максатында тажик бийлиги менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы кабарланган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты