​FactCheck KG Матраимовдун «хан сарайы» деген видео жарыялады (видео)

FactCheck KG интернет басылмасы бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго таандык делген үй жөнүндө видео жарыялады.

Видеодо Чүйдөгү «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына жакын эл арасында «ВИП шаарча» деп аталган аймакта 1 гектардай жерде жайгашкан Матраимовдорго таандык делген чоң үйлөр жөнүндө көрсөтүлөт. Журналист өз видеосунда «мамлекеттик кызматта иштеген адам мынча байлыкты кайдан тапкан» деген суроо койгон.

Азырынча Матраимовдордун өзүнөн бул видео боюнча комментарий алууга мүмкүнчүлүк боло элек. 20-февралда бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга байланыштуу шектүү катары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына 2 айга соттун чечими менен камалган.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары 18-февралда УКМКга сурак бергенден кийин кармалган. Ага кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга байланыштуу айып тагылган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-февралда Райымбек Матраимовду «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген. Ал Бажыда коррупциялык схема түзгөнүн моюнуна алып, буга чейин бюджетке 2 млрд. сом төккөн.

Матраимовго карата соттун чечими жарандык коомдун нааразылыгын жаратып, 14-февралда Бишкекте аны камакка алууну талап кылган акция өткөн.

УКМК 15-февралда Райымбек Матраимовдун чет мамлекеттерде кымбат баалуу кыймылсыз мүлкү бар экени аныкталса, тергөө иштери улантыларын маалымдаган.

АКШнын Каржы министрлиги былтыр декабрдаРайымбек Матраимовду жана анын жубайы Уулкан (Аманда) Тургунованы «Магнитский актысы» деп аталган «кара тизмеге» киргизген.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдө бажыдагы коррупцияга Матраимовдун тиешеси бар экенин таап чыгышкан.

Бул иликтөөлөрдү Райымбек, Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк Ысмайыл Матраимов атындагы фонд каралоо деп эсептеп, сотко кайрылышкан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты