Президент Садыр Жапаров аралыктан иштөө режимине өттү
- 4 года мурун
Президент Садыр Жапаров коронавируска байланыштуу жана жогорку деңгээлдеги эл аралык иш-чара алдында аралыктан иштөө режимине өттү.
Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчы аралыктан иштөө режимине өлкөдөгү абалдан кабардар болуп тураары айтылды.
Алдыда, 23-24-февралда, мамлекет башчынын Москвага сапары күтүлүүдө.
Бишкекте учурда коронавирус пандемиясынын басаңдап калган маалы. 15-февралга карата өлкөдө бир суткада коронавирустун 41 учуру катталды.
Муну бөлүшүү