Бактыбек Кудайбергенов Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

  • 3 года мурун

Бактыбек Кудайбергенов Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Бул тууралуу буйрукка өкмөт башчы Улукбек Марипов кол койду.

Бактыбек Кудайбергенов 1962-жылы 8-декабрда туулган. Ысык-Ата районунун акими, өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү болуп эмгектенип келген.

Кечээ, 9-февралда, Балбак Түлөбаевдин ордуна Эрмек Нургазиев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалып, бирок коомчулуктун нааразылыгынан кийин кызматтан алынган.

Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 11-апрелде өткөрүлөт. Ага чейин борбор шаардын мэри убактылуу дайындалат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты