​Райкүл Жапарованын өкүмү жокко чыгарылды

  • 3 года мурун

Садыр Жапаровдун эжеси Райкүл Жапарованын өкүмү Жогорку Сот тарабынан жокко чыгарылды. Бул тууралуу Башкы прокурор Куманкул Зулушев маалымат жыйында билдирген. Анын айтымында, бул иштин жаңыдан пайда болгон жагдайларга байланыштуу, өкүм жокко чыгарылган.

Жогорку сот бул чечимин жактоочулардын өтүнүчүнүн негизинде 25-январда чыгарган:

“Соттун биринчи, экинчи жана көзөмөлдөөчү инстанцияларынын чечимдери жокко чыгарылды. Иш кайрадан сотко чейинки өндүрүш үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жиберилди”, — деп билдирген Кактус.медиага Жогорку соттон.

Буга чейин Курманкул Зулушев аны Польшадан экстрадициялоо маселеси каралып жатканын билдирген.

Эскерте кетсек, Райкүл Жапарова Максим Бакиев менен бирге “Ысык-Көл” инвестициялык банкын рейдердик басып алды деп Башкы прокуратурага келип түшкөн арыздын негизинде кылмыш ишинин фигуранты болгон. 2014-жылы Райкүл Жапарова сырттан соттолуп, эл аралык издөөгө салынган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты