​Минфин: Садыр Жапаровдун инаугурациясына 8,5 млн бөлүнгөн. Фактчекинг

28-январь күнү Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Садыр Жапаровдун инаугурациясы өтөт. Айрым маалыматтар боюнча президенттин ант берүү салтанатына 15 млн сом бөлүнгөн. ПолитКлиника медиасы бул маселени тактап көрдү.

Шайланган президенттин ант берүү аземи үчүн атайын уюштуруу комитети түзүлгөн. Уюштуруу комитетин КР президенттик аппарат жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов жетектейт.

Сүйүнбек Касмамбетов: “Иш чарага Өкмөт мүчөлөрү, Жогорку сот, Конституциялык палата, БШКдан өкүлдөр чакырылды. Мамлекеттик кызматкерлердин тизмеси минималдуу түрдө түзүлдү. Инаугурация ишинин долбооруна 15 млн сомго жакын сумма бөлүнгөн. Бирок азыркы тапта чыгымдар 10 миллионду түздү”, — деп кабарлаган.

Айрым активисттер инаугурация үчүн бөлүнгөн акчаны сындашууда
















Эркин журналист Али Токтакунов өлкөдөгү каатчылык заманында ыксыз чыгымга жол берилип жатканын айткан билдирүүсүн калтырган.

Facebook тармагынын колдонуучусу Садыр Жапаровго кайрылып, Молдованын президенти Майя Сандуну мисал келтирди. Ал Молдованын президенти эл кыйналып турганда миллиондорду коротпогонун айтты.














Каржы министрлиги: 8,5 млн бөлүнгөн

Каржы министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкармалыгына инаугурацияны уюштурууга жалпы 8,5 млн бөлүнгөнүн билдиришти. Анын 5 миллиону айдын башында бөлүнсө, 3,5 млн жакында эле бөлүнгөн.

21-январда түштөн кийин Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрүнүн «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынан Чүй көчөсүнө чейинки бөлүгү жарым сааттай жабылып, жол тыгынын жараткан. Муну Президенттин аппараты шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурациясына камынууга байланыштуу жабылганы менен түшүндүрүштү.

Жыйынтык: Шайланган президенттин инаугурациясына Каржы министлигинен 8,5 млн бөлүнгөн.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты