Нарын облусунда жер титиреди
- 4 года мурун
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 19-январда саат 08:38де Нарын облусунда очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Тилек, Ак-Чий, Баетов, Байгончок айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү