Исфанада Бишкектен келген 1-аба каттамын тосуп алышты

  • 3 года мурун

18-январда Исфана шаарындагы Исхак Разаков атындагы аэропортто Бишкек-Исфана-Бишкек каттамы боюнча биринчи каттам тосуп алышты. Бишкек шаарынан 81 жүргүнчү учуп келди. Ал эми Исфанадан 105 жүргүнчү учуп кетти.

Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

«Бул каттам кыргызстандыктардын башын бириктирип, сапарын жеңилдетет. Оңдоо иштери толугу менен аяктап, аэропорт тиешелүү сертификаттан өттү» деди «Манас» эл аралык аэропортунун башкы директорунун орун басары Абдумалик Бусурманкулов.

Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов ыраазычылыгын билдирди.

«Бир нече жылдан кийин Исфана шаарындагы аэропорт кайрадан иштей баштаганы кубандырат2 деди ал.

Бишкек-Исфана-Бишкек каттамы боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды Tez Jet жумасына бир жолу — дүйшөмбү күнү жүргүзөт.

Учуунун узактыгы 1 саат 15 мүнөт.

Бишкек шаарынан учуу — 11:00,

Исфанага келүү — 12:15.

Исфана шаарынан учуу — 13:05,

Бишкекке келүү — 14:20.

2020-жылы аэропортко мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун наамы ыйгарылды. Реконструкция долбоордун алкагында учуп-конуу тилкеге, рулеждук жолчого, аба кемелерди токтотуучу жайга жана перронго реконструкциялык иштери жүргүзүлдү. Заманбап атайын геосинтетикалык курулуш материалдарын колдонуу менен 75 миң чарчы метр асфальт бетон төшөлдү. Учуп-конуу тилкенин жалпы узундугу 1735 метр, ал эми туурасы 35 метрди түздү.

Мындан тышкары, 2019-жылы жалпы аянты 553 кв.м. болгон жаңы аэробекет курулган, ичинде жүргүнчүлөр үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн, алар – каттоочу орундар,

Сүрөт: «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты