Элвира Сурабалдиева: Кимдир-бирөөлөр пандемиядан бизнес жасаган

Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева COVID-19 коронавирус инфекциясы пандемиясы учурунда Кыргызстанга келип түшкөн жардамдын бөлүштүрүлүшүн изилдөө боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишинин алдын ала жыйынтыктары боюнча Фейсбук баракчасына билдирүү жасады.

Эльвира Сурабалдиева мындай деп жазды:

-Айрым мамлекеттик органдардын керектүү документтери жана маалыматтары кечигип жаткандыгына байланыштуу, COVID-19 коронавирус инфекциясы пандемиясы учурунда Кыргызстанга келип түшкөн жардамдын бөлүштүрүлүшүн изилдөө боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишин 2021-жылдын 15-январына чейин узартуу керек болду.

Алдын ала жыйынтыктарды уктум. Натыйжалар жана корутундулар, кырдаалды өзгөртүү боюнча сунуштар коомчулукка жарыяланат.

Белгилей кетүүчү нерсе, ведомстволор аралык комиссиянын жарымы алгачкы күндөрү эле иштебей калган, кимдир — бирөө мүмкүн болуучу кесепеттерден чочулап, достору жана тааныштары кимдир — бирөөгө келип, мындан ары чуулдата бербөөнү суранышкан. Алардын ысымдарын жакынкы аралыкта жыйынтык менен кошо жарыялайбыз. Калгандары Кыргызстандагы өзгөрүүлөрдү, саламаттык сактоо тармагында реалдуу реформаларды каалаган патриоттор.

Мен алдын ала маалымат бере алам, ведомстволор аралык комиссиянын корутундусуна ылайык, пандемиядан каза болгондордун айырмасы бир нече миңди түзөт.

Ковид-19дун биринчи толкунунун ортосунда айрым чиновниктер документтерди жашырып, дарылоо жана дары-дармек менен башаламандыкка себеп болушкан. Келишим болгон, кимдир бирөө пандемия менен бизнес кылып жүргөн.

Буга чейин айтылгандай, ведомство аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча, бир дагы катардагы дарыгерге доомат болбойт. Дарыгерлер жарандарды баатырларча куткарып жатканда, айрым жетекчилер узак мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө качып кетишкен.

-Гуманитардык жардамды уурдап алуу болгонбу? -Ооба. Ведомстволор аралык комиссия көйгөйлөрдү гана ачпастан, аларды чечүү боюнча сунуштарды берет.

Реформалар керек. Мамлекеттик каражаттарды, гуманитардык жардамды, насыя жана гранттарды бөлүштүрүүнүн так системасы, бардыгында ачык-айкындуулук болушу керек. Ар бир министрлик жана ведомство киреше жана чыгашалар жөнүндө эл алдында отчет берүүгө үйрөнүшү керек. Калганы ведомстволор аралык комиссиянын жыйынтыгында.

P.S. Урматтуу кыргызстандыктар, сиздердин суранычтар боюнча мектептер, кесиптик лицейлер жана ниверситеттер ачылат. Кийинки кадам — бала бакчалар. Ооба, биз COVID-19 менен жашоону үйрөнүп жатабыз, биздин реалдуулукту ылайыкташтырууга аракет кылып жатабыз, анткени биздин жарандар дагы экономика сыяктуу эле чектөөлөргө туруштук бере алышпайт. Бирок пандемия дагы деле болсо бизде жүрөт, андыктан сизден жакындарыңыздын ден-соолугуна кам көрүшүңүздү суранабыз. Эпидемиологдордун божомолуна ылайык, бизде 2020-жылдын «кара» июлун кайталоо коркунучу жок, бирок 2021-жылдын февраль-март-апрель айларында жугуштуу оорулардын жана өлүмдүн санынын көбөйүшү мүмкүн. Биз дагы ондогон ооруканаларды куруп, тез жардам, шаймандар сатып алабыз, бирок дарыгерлер дагы эле жетишпейт,- деди Элвира Сурабалдиева.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты