​Маданият министри наамдан ажырата албайт. Фактчекинг

Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбековдун эстрада ырчылары Куралбек Чокоев жана Кайрат Примбердиевдин наамдарын алуу жөнүндөгү чечими коомчулукта талкуу жаратты. ПолитКлиника медиасы бул маселенин мыйзамдуу жолун карап көрдү.

Ырчы болуу үчүн лицензия алууну милдеттендирген мыйзам керек

9-январда Маданият министри Нуржигит Кадырбеков, коомчулукта кескин талкууну жараткан “В пи#ду звезду” аттуу юмордук берүү жөнүндө комментарийин калтырган. Көпчүлүк берүүнү этикага туура келбеген, сөгүнгөн сөздөрдү айтышкандыгы үчүн айыпташкан.

Берүү шоу катары уюштурулуп, атайын коноктор чакырылып, алардын үстүнөн ар кандай тамашаларды айтышат. Алып баруучулардын бири эстрада жылдызы Куралбек Чокоев болгон. Акыркы берүүсүндө конок катары Кайрат Примбердиев чакырылган. Ал берүүдө ар кандай сөгүнгөн сөздөр айтылган.

Маданият министри Нуржигит Кадырбеков өзүнүн Facebook баракчасына калтырган постунда ырчы жигиттердин кылыгы үчүн элден кечирим сураган. Өз сөзүндө эркин ырдап жүргөн ырчыларга карата тикелей чара көрүү рычагы мыйзамда болбогонун айтып, бирок сөзсүз чара көрүлөөрүн белгилеген. Чара катары министрликке караштуу медиаборборлордун бардыгына бул эки ырчынын клиптерин, ырларын, сөздөрүн чыгарбоого көрсөтмө берилгенин жана эркин медиаларга да ушундай эле сунуш жиберилерин айткан. Ошондой эле оюн-зоок мекемелеринде бул ырчылардын концерттерине тыюу салынарын жазган. “Эки жигиттин бири Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамына ээ. Мамлекет башчысына мындай жогорку даражадан ажыратуу сунушун киргизүү жагын да карап жатабыз. Эгер элден кечирим сураса анда кеп башка. Эгерде министрликтин ведомстволук сыйлыктарын алган болсо, атайын буйрук менен жокко чыгарабыз”, — деп жазган.

Маданият министри мындан тышкары ырчылык менен алек болом дегендерге лицензия алууну милдеттендирген мыйзамдын же токтомдун долбоорун даярдоо керек экендигин белгилеген.

Азыркы тапта Курал Чокоевдин “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси алынып салынды.

Берүү токтотулду

Көпчүлүктүн кескин сынынан кийин долбоордун негиздөөчүлөрү берүүнү алып салышкан жана буга чейинки бардык видеолорду өчүрүшкөн. Долбоордун авторлорунун бири Курал Чокоев “Терс ой-пикирлер көп болгондугу үчүн берүүнү токтотууну жана мындан ары улантпоону туура көрдүк. Элдин пикири биз үчүн маанилүү. Биздин формат кимдир бирөөгө катуу тийген болсо кечирим сурайбыз”, — деген видеосун тараткан.

Министрликтин чечими кескин сынга кабылды

Маданият министринин комментарийи социалдык медиа тармактарында кызуу талкууларды жараткан.

КТРКнын мурунку директору Илим Карыпбеков Twitter деги баракчасына: “Биздин коомдун деградациясын (артка кетүү) өлчөө үчүн илимий изилдөө жүргүзүп кереги жок. Курал Чокоевдин YouTubeдагы видеосун көрсөңөр жетиштүү болот. Эмнеге твиттерликтер реалдуулуктан алыс болуп 3 пайызды гана түзөрүңөрдү түшүнөсүңөр”, — деп пикир калтырат.

Теле алып баруучу Эркин Рыскулбеков эгер Маданият министри аталган ырчыларды наамынан ажыратса, ал өз эрки менен өзүнүн наамынан баш тартаарын айткан.

Белгилүү бийчи, дүйнөлүк сынактардын катышуучусу Атай Өмүрзаков да бийликтин мындай кадамына нааразычылыгын билдирип, өзүнүн “Даңк” медалынан баш тартууга даяр экендигин жазып чыккан. “Мен бул туура же бул туура эмес деп айтпайм. Мен болгону бийликтин реакциясын сындап жатам. Пайдасы тийбеген наам берип, кайра аны алып алам деп элге жар салып жатышат. Шоуну колдобойм, авторлору да кечирим сурашты. Мен Кайрат, Курал сыяктуу таланттар, ушундай окуялардын айынан өлкөнбүздү таштап кетишет деп корком”, — деп жазган.

Депутат Дастан Бекешев наамдар дүңүнөн берилип жатса, айрым учурда наамдарга татыксыз эле адамдар алып жатса, Курал Чокоевге наамдан ажырадым деп кайгырып деле кереги жоктугун айткан комментарийин калтырган.

Жарандык көзөмөл комитети Маданият министринин отставкага кетүүсүн талап кылды

Жарандык көзөмөл институту Маданият министрин отставкага кетүүсүн талап кылган билдирүүсүн тараткан. Алар Маданият, маалымат жана туризм министри тарабынан кабыл алынган чараларды, адамдын негизги укуктарына кол салуу катары баалашкан. Билдирүүдө укуктар менен эркиндиктер кандайдыр бир министр же мамлекеттин башка өкүлү тарабынан өзүм билемдик менен чектелиши мүмкүн эместиги айтылат.

Адамдын укуктары жана эркиндиктери ажырагыс, ар бир адамга төрөлгөндөн тартып таандык жана Кыргыз Республикасынын эң жогорку баалуулуктарына кирет. Конституция жана мыйзамдар тарабынан тыюу салынгандан тышкары, ар бир адам ар кандай иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 31-беренесине ылайык, ар бир адам ой жүгүртүү жана пикир айтуу эркиндигине укуктуу. Ар бир адам сөз эркиндигине, сөз жана басма сөз эркиндигине укуктуу.

БУУга мүчө мамлекет болгондуктан, Кыргыз Республикасы өз ыктыяры менен Жарандык жана Саясий укуктар жөнүндө Эл аралык Пактты ратификациялаган. 18-берене баарына ой, абийир жана дин тутуу эркиндигин кепилдейт.

Уят сөздөрдү айтканы маданият кызматкерлерине карата репрессияларга негиз болуп бере албайт. Анткени жашы жете элек балдарга моралдык-этикалык билим берүү мамлекеттин эмес, ата-эненин милдети. Ар бир ата-эне жашы жете элек балдарынын артисттердин берүүсүн көргөнгө чектөө коюуга укуктуу”, — деп жазылган.

Жарандык көзөмөл комитети жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана чыгармачыл кесиптердин өкүлдөрүн чыгармачыл эркиндиктин мейкиндигин коргоо үчүн биригүүгө чакырган.

Корутундунун жыйынтыгында Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбековдун кызматтан кетишин жана министрликтин өзүн жоюуну талап кылышкан.

“Уят сөздөргө кошуп мамлекетке болгон сынга да тыюу салынуусу мүмкүн”

Конституциялык укук боюнча юрист Сания Токтогазиева бийлик тарабынан жасалган цензура уулуу газга окшош экендигин айтты:

Эркин коом ар бир адам эмнени окуганды, жазганды, сүрөтүн тартканды, көргөндү, ырдаганды, сүйлөгөндү жана укканды өзү чечүүгө укуктуу деген принципке негизделген. Ошондой эле, биз өзүбүзгө жакпаган сөз айкашынын формаларына каршы пикирибизди билдирип, сөз эркиндигибиздин укугун колдоно алабыз. Бул мамлекеттен цензура талап кылбайт!”,- деди.

Эркин маалымат алкагын өнүктүрүү максатында түзүлгөн МедиаПолиси институнун юристи Нурбек Токтакунов бийлик мындай кадамы менен сөз эркиндиги жана ой жүгүртүү эркиндигин кысып жатканын айтат. “Эркиндик принциби мамлекет биз үчүн эмнени көрүп, эмнени көрбөрүбүздү чечүүсүндө жатпайт. Эркиндик, биз өзүбүз үчүн өзүбүз тандап алгандыгыбызда жатат. Мен сөгүнгөн адамдарды көргүм келсе, көрөм. Көргүм келбесе, өчүрөм. Кааласам, бул артисти таптакыр көрбөйм. Бул- ар бир жарандын жеке иши. Эгер азыр алар биз үчүн чечип жатышса, анда бул кийин сөз эркиндигин чектөөгө айланат. Ушул уят сөздөр менен бирге чиновниктер мамлекеттик бийликке болгон сынды дагы тыюуусу мүмкүн”,- деп айткан.

Курал Чокоевдин наамын алуу мыйзамсыз

Курал Чокоев наамын алып салуу жөнүндөгү чечим министрдин компетенттүү эместигинен деп билдирди. Ошондой эле ал демократиялуу, светтик өлкөдө жашап жатканыбызды айтты:

Берүү менин YouTube каналыма жарыяланган. Мен ал жакка каалаган нерсемди жүктөй алам. Бирок мага элдин ою маанилүү болгондуктан, берүүнү уланткан жокмун. Ал эми министрликтин наамдан ажыратып, чектөөлөрдү коюп жаткандыгы- аша чапкандык. Бул- сөз эркиндигине жана демократияга болгон чабуул. Керек дешсе азыр эле “Маданияттын мыкты кызматкери” деген кагазды алып барып берем. Анын мен үчүн мааниси деле жок”,- деген жообун айткан.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндөгү мыйзамдын 24-беренесинде сыйланган же ардак наамга татыктуу болгон адамдар мыйзамдуу күчүнө кирген соттук актынын негизинде гана мамлекеттик сыйлыктан же ардак наамдан ажыратыла тургандыгы айтылат

МедиаПолиси институтунун медиа өкүлү Акмат Алагушев адамды сыйлыктардан, наамдардан жана артыкчылыктардан ажыратуу соттун чечими менен жүргүзүлүүгө тийиш экенин айтты. “Сыйлыктарга ээ болгон адам, биринчи кезекте, жоопко тартылып, кандайдыр бир кылмыш үчүн соттолушу керек. Күнөөлүү экени тастыкталган өкүм чыгышы керек. Сот кошумча жаза катары сыйлыктардан жана наамдардан ажырата алат.

Азыркы учурда, менин оюмча, Маданият министринин субъективдүү чечими үстүнөн сотко кайрылуу керек. Анткени ал ыйгарым укуктарынан аша чапкан. Адеп-ахлак жана этика маселелери бир чиновник же ведомство тарабынан чечилбеши керек болгон өтө татаал жана түшүнүксүз категориялар. Мындай чечимдерди кабыл алууга «Маданият министрлиги» деген аттын өзү эле уруксат бербейт”, — деп белгилеген.

Жыйынтык: Маданият, маалымат, туризм министри өзүнүн чечими менен наамдардан ажырата албайт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты