Бишкектеги №1149 шайлоо участогундагы шайлоочулар нааразычылыгын билдиришти
- 4 года мурун
Бишкек шаарынын Октябрь районунда жайгашкан №1149 шайлоо участогунда шайлоочулардын аты-жөнү жазылган тизме илинген эмес. Мындан улам, шайлоого келген эл нааразычылыктарын билдирип, бул участокто шайлоо жабык өтүп жаткандыгы тууралуу маалымдашкан.
Шайлоочулардын бири, “Шайлоочулар тизмеден өзүнүн аты-жөнүн таппай жатышат. Бул участокто баары жабык түрдө өтүп жатат” – деп билдирди.
Ал эми №1149 шайлоо участогунун төрайымы Турсунбаева Чынара, шайлоочулар буга чейин келип аты-жөнүн тактап кетишкендигин, бул жөн гана провокация экендигин айтат.
“Азыр ар бир адамда телефон бар. Буга чейин шайлоочулардын айрымдары tizme.kg сайтынан, кээ бири бизге келип тизмеден өзүнүн аты-жөнүн такташкан. Шайлоого чейин атайын тактада илинип турган. Бул жөн гана провокация!” – дейт Чынара Турсунбаева.
Эске салсак, бүгүн, 10-январда өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтүп жатат.
Видео/сүрөт: «ПолитКлиника»/ Гулиза Урустамбек кызы