Байден Трампты демократияны алсыратууга айыптады

АКШнын шайланган президенти Жо Байден 6-январда Вашингтондо болгон окуяларга байланыштуу азыркы мамлекет башчы Дональд Трампты америкалык демократияны алсыратууга айыптады.

Байден ал күнү Капитолий имаратына кирип барган Трамптын тарапташтарын «жергиликтүү террорчулар» деп атап, Трамптын президенттиги тушунда өлкөдөгү демократиялык институттарга сокку урулганын белгиледи.

Ал арада демократтардын Сенаттагы лидери жана Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Конституцияга киргизилген 25-толуктоону пайдаланып, президент Трампты кызматтан кетүүгө мажбурлоо керек деген сунуштарды колдоп чыкты. Ал Трамптын администрация мүчөлөрүнө кайрылып, аларды конституциялык ыйгарым укуктарын пайдалануу менен Президентти кызматтан кетирүүгө чакырды. Пелосинин айтымында, болбосо Өкүлдөр палатасы импичмент жараянын башташы мүмкүн.

Азырынча Трамп дарегине
айтылган бул айыптоолор боюнча пикирин билдире элек. Кечээтен бери анын
социалдык түйүндөрдөгү баракчалары убактылуу жабылган.

Трамп 2020-жылы 3-ноябрда өткөн Президенттик шайлоодогу Байдендин жеңишин таануудан баш тартып, анда көптөгөн бурмалоолор болгонун айтып келет. 6-январда Конгресс добуш берүүнүн жыйынтыктары менен Байдендин жеңишин биротоло ырастоого чогулган. Ошол маалда Капитолий имаратына Трамптын тарапташтары кирип келип, жыйынды үзгүлтүккө учуратышкан. Жыйын имараттан адамдар чыгарылгандан кийин бир нече сааттан соң кайра уланган.

Бейшемби күнү Трамп 20-январда бийликти өткөрүп берүүнү убадалап, бирок шайлоодо жеңилгенин дале болсо мойнуна алган жок.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты