Муратбек Мукашевдин Иса Ахунбаевди эскерүүсү
- 4 года мурун
- Баяндар
1965-жыл, мен анда 15 жашта элем. Логвиненко көчөсүндөгү азыркы М.Миррахимов атындагы кардиологиялык институт турган жерде мурда айтылуу мончо бар болчу.
Май айынын жума күндөрүнүн бири эле, баскетбол ойноп машыккандан кийин, саат 16.00ларда мончого кирип жууна кетейин дедим, жарым сааттай кезек күтүп, акыры кирдим. Буудан чыгып, дагы кезек күтүп атып душка чайкандым. Мрамор менен жабылган жууна турган үстөлгө отурдум. Капысынан “Ай бала, жонумду жышып берчи”, — деген 50 жаштардагы кишинин өктөм үнүн уктум. “Макул”, — деп анын катуу мочалкасы менен жонун жышый баштадым.
Далысы кең, түктүү экен. Ал болду дегенге чейин токтотпой жышыдым. “Жакшы жышыдың, азамат, колуң дагы катуу экен, спорт менен машыгат окшойсуң?”, — деп сурады. “Баскетбол ойнойм”, — дедим мен. “Рахмат сага, балам”, — деди олуттуу үнү менен. Менде жуунуп, кайра-кайра бууга киргенге жетиштүү убактым бар эле.
Жуунуп бүтүп, жакшылап аарчынып, чыктым, айтылуу мончого кезек күткөн жыкжыйма эл турат.
“Мончодо, анан аркы дүйнөдө бардык адамдар бирдей жылаңач” деп бекеринен айтылбаса керек.
Кээде мага адам баласы бул жалган дүйнөгө жылаңач келип, бүт ааламды чакыргандай кыйкырып келип,жашоо менен коштошуп жатканында дагы жылаңач колдорун сунуп, эч нерсе албай кетип жатканын айткандай сезилет. Ага тигил дуйнөгө дагы эч ким эч нерсе алып барып бере албайт.
Кокусунан эле баягы тааныш үндүн “Ай бала” дегенин кайрадан уктум. Бурулуп карасам кичинекей буфетте мен жонун жышып берген киши чоң чачыгын мойнуна илип алып отуруптур.
“Бери кел”, — деди ал, — “Менин жаныма отур, эмне ичесиң?”. “Томат ширесин”, — дедим мен. “Бул балага томат ширесин берип койгулачы?”, — деди ал буфетчиге кайрылып.“Ич, иче кой. Кетип калсам болот эле, бирок, кала берсе сенин атыңды дагы сурабай калыпмын. Ыңгайсыз болуп, сени бул жерде күтүп турайын дедим”, — деди ал.
“Менин атым Иса Ахунбаев, хирургмун, бүгүн оор, узак операция болду, ийгиликтүү аяктаган соң, мончонун буусуна отуруп чыгайын дедим. Атың ким?”, — деп сурады. “Муратбек”, — деп жооп бердим мен.
Көпкө чейин сүйлөшүп отурдук, экөөбүзгө тең кызыктуу болсо керек. Мен Чүй облусунун Кегети айылынан экенимди, №48 мектепте 7-класста окуурумду, үчүнчү класстан кийин атам шаардан окусун деп эжемдин үйүнө жибергенин айтып бердим.
Мени менен абдан сылык, кызыгуу менен маектешип отурду. Жарым сааттай сүйлөшкөндөн кийин “Макул анда, эгер керек болсом кайрыл, тартынба, клиникага келип Иса Коноевич Ахунбаевге келдим десең мен отурган жерди көрсөтүп беришет”, — деди чачыгы менен бетиндеги терин аарчып. Ошентип ал киши мени менен коштошуп, чоң колун берип, “Саламатта бол”, — деп жөнөп кетти.
Андан кийин көп убакыт өттү, мен мектепти аяктадым, Мосвквадагы Г.В.Плеханов атындагы Элдик чарба институтун бүтүрдүм, Советтик Армиянын катарында кызмат өтөдүм, Кыргыз ССРинин каржы министрлигинде иштедим. Иса Коноевич Ахунбаев кандай улуу киши болгонун билдим. Кирип учурашып койгум келди, бирок туура болобу деп ойлондум.
Анан капысынан эле 1975-жылдын январь айында республикалык гезиттердин баары катуу автокырсыктан улам Иса Коневич Ахунбаев каза болгонун, аны менен кошо жубайы, кызы, күйөө баласы дагы каза болгонун жазып чыгышты.
Мен өзүм дагы 1994-жылы бутумдан айрылып калдым жана мени ошол учурда И.К.Ахунбаев атындагы клиникада иштеп жаткан мыкты хирург Марат Сагынбаев сактап калды.
Бүгүн Кегетиге бара жатып, Ивановка аркылуу кеткенге аракет кылдым жана Кыргыз элинин чыгаан уулу Иса Ахунбаев каза болгон жерге токтодум, таз болуп калган башымдан баш кийимимди чечип, ага таазим кылдым. Тилекке каршы, азыр канчалык кааласак дагы кыргыз жеринде андай адамды жолуктура албайсың…
P.S. Иса Ахунбаев 1975-жылы 5-январда каза болгон, андан бери 45 жыл өттү. Мен бүгүн 70 жаштамын.
Муратбек Мукашев, 28-декабрь, 2020-жыл