​Кыргызстан 2020-жылы донорлордон 343 млн доллар алды. Анын негизги бөлүгү насыя

  • 3 года мурун

Быйыл донорлор Кыргызстанга жалпысынан 774 миллион долларлык жардам көрсөтүүгө убада беришти, бул акчанын 343 миллион доллары бөлүнүп берилди.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 30-декабрда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринин, эл аралык уюмдардын туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн, башкы консулдуктардын жетекчилери менен онлайн кеңешме өткөрдү.

Анда узап бараткан жылдын жыйынтыгы чыгарылып, келерки жылга карата негизги милдеттер талкууланды.

ТИМ белгилегендей, Кыргызстан тыштан жардамды коронавируска каршы күрөш үчүн гана эмес, бюджетти колдоо үчүн да сурады.

Бөлүнүп берилген 343 миллион доллардын 271 миллиону насыя, 72 миллиону грант катары келди.

Быйыл 25-ноябрда кыргыз өкмөтү бюджетте акча тартыш болгондуктан пенсия, айлык жана башка социалдык төлөмдөрдү мамлекеттен эмес, сырттан келген карыз акчадан төлөп берип жатканын моюнга алган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты