#ЫШКЕК: Экологиялык катастрофага жакындап калды
- 4 года мурун
- Баяндар
.
Экологиялык абалы жана экосистемалардын жашоо ишмердүүлүгү боюнча 180 өлкөнүн ичинен 105 орунду, ал эми абанын тазалыгы боюнча 238 орунда турат (EPI — 2020).
2020- жылы Бишкек World Air Quality аттуу дүйнөдөгү абанын кирденүүсүн өлчөгөн сервистин рейтингинде көбүнчө алдыңкы үч орунду ээлеп келет. PM2.5 бөлүкчөлөрүнүн саны боюнча Бишкек шаары Дели жана Лахор сыяктуу шаарлардан озуп кеткен.
16- декабрда абанын индекси 329га жетип, эң кооптуу деп табылган. Тоолордон алыс, ЖЭБге жакын жайгашкан, көбүнчө менчик үйлөр орун алган шаардын түндүк-чыгыш тарабында абанын көбүрөөк булганганы байкалат.
iqair.com дүйнөлүк абанын мониторинг сайтынын картасында Бишкектеги абанын сапатынын индекси (AQI) 351 ди көрсөтүп турат. Абаны булгагыч катары PM2.5 заты көрсөтүлгөн. 2020-жылдын декабрь айынын ортосунда IQAir.com мониторинг сайты Бишкектеги абанын сапаты AQI 234 кө жетип «ден-соолукка кооптуу» деп табылганын, PM2.5 тин көрсөткүчү 184 мкг/ м³ деп катталганын жазат.
Ал эми дүйнөлүк waqi.info сервисинин картасында да абанын сапатынын индексинин Ош базар тарапта 445 ке, Аламедин кичирайонунда 433кө, шаардын борбор тарабында 453кө жеткенин көрүүгө болот.
- автоунаадан чыккан газдар
- жылытуу үчүн жагылган заттар
- чаң жана башка катуу заттар
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, Бишкек шаарында жыл сайын 240 миң тонна кирдетүүчү заттар атмосферага чыгарылат. Алардын 180 миң тоннасы автотранспортко тиешелүү. Калганы болсо коомдук жана жеке сектордун жылуулук үчүн колдонгон каражаттардан чыккан кирдетүүчү заттар.
Абанын булганышынын дагы бир чоң себеби бар — жылуулук жана энергия алуу үчүн жагуулар. Жылуулук жана энергия алууда Кыргызстанда эң көп жагылуучу каражат болуп көмүр саналат. 2018-жылы Кыргызстан 2,4 млн.тонна көмүр казып чыгарган, анын жарымынан көбү ички колдонууга жумшалган. Бишкек шаарынын ЖЭБи 2020-2021 жылуулук берүү жылында 1млн. 110 миң тонна көмүр жагарын пландаштырган. Салыштырмалуу түрдө айтканда, Бишкек ЖЭБи Кыргызстанда өндүрүлгөн көмүрдүн жарымын жагат.
Мындан сырткары, Бишкек шаарынын борбордук жылытуу системасына кошулбаган жеке үйлөр абанын булганышына себепкер. Мындай пикир Борбордук Азиядагы Америка университетинини изилдөөсүндө айтылат. Ага ылайык, шаардын 40%ы катуу отун колдонушат. Ошондой эле, жеке үйлөрдү жылытууда эффективсиз жылытуу системаларын колдонулат. Мындай системаларда жылуулукту жоготуунун саны айрым учурларда 60%га жетет. Салыштырмалуу бул көрсөткүч Европа биримдигинде беш эсе төмөн. Бул көрүнүш көмүрдү 20-30%га көп колдонууга себепкер.
Медициналык илимдердин кандидаты Калия Молдогазиеванын айтымында, шаардын таштанды полигону тургундардын ден соолугуна чоң зыян алып келет:
«Таштандыларды өрттөгөндө атмосферага уулу заттар бөлүнүп чыгат. Алар фурандар, диоксиндер, формальдегиддер, кычкылтек газы, метан жана башкалар. Мунун баары адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизет. Өзгөчө кооптуу болуп диоксиндер саналат», — дейт Калия Молдогазиева.
Бөлүнгөн каражаттарга карабастан, Бишкек шаарындагы жашыл зоналарды калыбына келитирүүнүн аймактары жыл сайын азайып келет. Эгер 2006-жылы Бишкек шаарында 40 га токой чарбасы калыбына келтирилсе, былтыр ал көрсөткүч 5 га эле болгон.