Таштанды полигону: курулбай калган завод, мафия жана ыш

Баяндар

16-декабрь күнү, Жогорку Кеңештин парламенттик жыйынында, Вице-премьер министр Равшан Сабиров “Бишкек шаарынын абасынын булгануу деңгээлин төмөндөтүү чараларынын аткарылышы жөнүндө” маалымат берген. Аталган жыйында, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев абанын булганып жатканына таштанды полигонунун да салымы бар экенин айтып, 2015-жылдан бери эмне себептен таштанды иштетүүчү заводдун курулбай жатканына кызыккан:

“Бишкек шаарын каптаган түтүнгө шаардык таштандынын да чоң таасири бар. Биз, бул маселени көп козгобойбуз. Бирок, таштанды полигону күн сайын күйүп жатат. Бүгүн, ушул маселени чечүү жана полигонду толугу менен өчүрүү боюнча эмне иштерди аткарып жатасыңар? Мен, силер айтып жаткан докладды 2015-жылдан бери угуп келе жатам, бирок эч кандай жыйынтык жок”- деп билдирген.

ПолитКлиника медиасы, Бишкек шаардык таштанды полигонунун иштөө структурасы, курулбай келе жаткан завод жана тендерлер тууралуу изилдеп көрдү.



Бишкек шаардык полигонунун тарыхы

Кыргызстандагы эң чоң таштанды полигону Бишкек шаарынын чет жакасында жайгашкан. Аталган полигондо 50 жылга жакын убакыттагы таштандылар чогулуп, тоодой үйүлүп калган. Экологдор көп жылдардан бери чогулган таштандылар өзүнөн-өзү күйүп, уулуу аралашмалардын жана кооптуу газдардын абага жайылып кетүү коркунучу бар экенин эскертип келишсе да, кайра иштетип чыгаруу, эски полигонду жаап жаңысын салуу сыяктуу иштер аткарылбай келет.

















Белгилей кетсек, борбор калаадагы таштанды төгүүчү жай 1972-жылы, 10 жылдык мөөнөткө ачылган. Эксплуатациялык мөөнөтү 38 жыл мурун бүтсө

да , бирок ушул күнгө чейин шаардын ар тарабынан келген таштандыларды ыргытуу улантылып келет. Бүгүнкү күндө, таштанды полигонун аянты 71,59 гектарды түзөт.

“Көйгөйдүн булагы менен күрөшпөй жатабыз”

Статистикалык маалыматтарга ылайык, ар бир Кыргызстандык жылына 200 килограммдан ашык таштанды ыргытат. Бул таштандынын жарымынан көбүн пластикалык каражаттар түзүп, алардын курамы 100-200 жылга чейин чирибейт.



















БСП муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, жыл сайын полигонго 1010 тоннадан ашык таштанды төгүлөт. Эколог, Жээнбек Куленбековдун айтымында, полигондогу таштандылар иргелбей чогуу төгүлгөн үчүн айлана-чөйрөгө чоң зыян келтирүүдө:

“Кыргызстанда, таштандылар иргелбей бардыгы чогуу төгүлөт. Бул жерде, жөнөкөй жарандарды да күнөөлөө кыйын. Анткени, биздин өлкөдө таштандыны өзүнчө бөлүү, аны кайра иштетүүгө берүү үчүн шарттар түзүлгөн эмес. Мисалы: бир Кыргызстандык үйүндөгү таштандыларын өз-өзүнчө бөлүп чыкканда деле, аны кайда тапшыруу керектигин билбейт. Ошондуктан, Өкмөт таштанды маселесин чечүү үчүн, эң биринчи атайын урналарды орнотуп, жарандарга шарт түзүп бериши керек”- деп билдирди.

Мындан сырткары эколог, 2013-жылы Европа Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо банкы тарабынан берилген 22 миллион еврого, таштанды иштетүүчү завод курулганда, азыркы көйгөйлөр менен күрөшүү, кыйла жеңил болоорун белгиледи.

Бүтпөгөн таштанды заводу

Дээрлик, 10 жылдан ашык убакыттан бери Бишкектеги эски полигонду жабуу жана жаңы таштанды төгүүчү жай куруу тууралуу маселелери көтөрүлүп келет. Бул багытта, Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкы 2011-жылдан баштап (ЕРӨБ) Кыргыз өкмөтүнө “Бишкек шаарындагы таштандыларды башкаруу тутумун өркүндөтүү” долбоорун каржылоо үчүн акча бөлүп берүү ниетин билдирген.

Долбоор 2011-жылдан баштап сунуш кылынса да, келишим 2013-жылы түзүлүп, 2015-жылы гана күчүнө кирген. Аталган келишимге ылайык, Европа өнүктүрүү банкы, долбоорго 11 миллион евро гранттык негизде жана 11 миллион евро 15 жылдык мөөнөткө насыя түрүндө бөлүп берген. Жалпы жонунан 22 миллион евро бөлүнүп, бул каражатка Бишкек шаардык полигонун реконструкциялоо пландаштырылган.

Аталган долбоордун планында:

• Эл аралык деңгээлдеги стандарттарга жооп берген жаңы санитардык полигонду түзүү;

• Таштандыларды башкаруунун жаңы тутумун киргизүү; Анын ичинде

таштандыларды чогултуу жана иргөө системасын жакшыртуу;

• Курама сорттоону куруу жана таштандыларды механикалык жана биологиялык тазалоо;

• Жеке сектордо контейнерлердеги катуу таштандыларды чогултуучу жаңы пункттарды уюштуруу менен жаңы таштанды ташуучу унааларга алмаштыруу; сыяктуу көптөгөн пункттарды камтыган.

Мындан сырткары , эски таштанды полигонун толугу менен жаап, ордуна жаңы заманбап полигон ачуу каралган.
















Сүрөттө көрүнүп тургандай, жаңы полигондун жалпы аянты 21,3 гектарды түзүп, ал эми эски полигондон узактыгы 340 метрге жетет деп белгиленген. Жаңы полигон болжолдуу эсептөөлөр боюнча 10 жылга эсептелип, жылына 320 миң тонна таштанды сактоого ылайыкташтырып куруу каралган.

БСП Муниципалдык ишканасынын расмий билдирүүсүнө ылайык, ЕРӨБ тарабынан берилген каражаттын 14 миллион 573 миң евросуна 8 келишим түзүлүп, алардын ичинен 5 миллион 499 миң евросуна 6 келишим толугу менен аткарылган.


































Негизинен, ЕРӨБ менен болгон келишим боюнча, жаңы таштанды полигону толугу менен 2017-жылы бүтүрүлүшү керек болгон. Бирок, куруу иштеринин мөөнөтү үч жолу жылдырылып, эң сонунда, 2020-жылдагы коронавирус пандемиясынан улам, 2022-жылга калтырылган.

Кээ бир эксперттер, таштанды чыгаруучу заводдун бүтпөй жатышына, коронавирус пандемиясы эмес, коррупциялык иштер себеп болгонун айтышат. Green Energy фондунун башчысы жана эколог Анара Султангазиева Европа Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо тарабынан бөлүнгөн каражат туура эмес колдонулганын белгиледи:

“Менин угушум боюнча, ЕРӨБ тарабынан берилген акчаны ортодо жеп коюшкан. Ошондуктан, азыркы учурда бул заводдун качан курулуп бүтөөрү жана жалпы эле иши тууралуу так маалымат берилбей жатат. Буга ким жооп берет, ким жоопкерчилик алат (?) бул суроолор жоопсуз калып эле эч ким жазаланбай жатат. Мындан сырткары, полигондо көмүскөдө таштанды иштеткен 10дон ашуун компаниялар бар. Алар салык төлөөдөн качып, таштандыны өздөрү каалагандай иштетип жатышат. Ушуну мамлекет көзөмөл кылса жана жаңы таштанды заводу курулса абал алда канча жакшырмак”, -деп билдирди.
































Сүрөттө, бүтө элек жаңы таштанды полигону жана кайра иштетүүгө ылайыкталган имарат көрсөтүлгөн.

Белгилей кетсек, 2015-жылдан 2018-жылдын октябрь айына чейин Кыргызстан ЕРӨБ менен болгон келишимди толук аткарылбагандыгы жана заводду куруу иштери кечиктирилгени үчүн 151 миң евро айып пул салган.


“Таштанды мафиялары, заводдун бүтүшүнө тоскоолдук жаратууда”

2020-жылдын 2- мартында, агрардык саясат, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттик отурум болуп өткөн. Аталган жыйынга, Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков да катышып, кайра иштетүүчү завод куруу маселеси 2016-жылдан бери комитеттин көзөмөлүндө экендигин, бирок мэрияда долбоорду ишке ашырууга тоскоол болгон күчтөр бар экендигин белгилеген:

“Таштанды төгүүчү жайда чоң суммадагы акчалар бар, ошондуктан жакынкы убакка чейин кызыкдар адамдар заводду курууга уруксат беришкен эмес. Муниципалитеттин өкүлү объектини куруунун конкреттүү даталарын атады. Биз алардын аткарылышын көзөмөлгө алабыз », - деп билдирген.

Бирок, Асылбек Жээнбеков таштанды заводун курууну кимдер чектеп жатканын так айткан эмес.

Бишкек шаардык полигонунда “таштанды мафиясы” кеңири жайылганын эколог Жээнбек Куленбеков да белгиледи:

“Тазалык” муниципалдык ишканасы, таштандыларды полигонго төгүү менен алектенет. Бирок алар, “биз полигонго тиешебиз жок, биз болгону шаардагы таштандыларды төгөбүз”,- деп эч кандай жоопкерчилик албай жатышат. Андан ары, таштанды полигону өзүнчө бир уюм экен. Ал жерге адамдар кирип алып, пластикти, кагазды өзүнчө бөлүп алып иштетишет. Жаңы заводдун курулушун ошолор чектеп жатабы же башка дагы күчтөр барбы, бул суроого эч ким жооп бербей жатат”,-дейт Жээнбек Куленбеков.

Ошондой эле эксперт, иштетүүгө жарактуу материалдар алынып бүткөн соң, органикалык заттар чирип, “метан” газын пайда кылгандыктан абанын булганышына таасир берип жатканын белгиледи.


Бишкекти каптаган түтүнгө полигондун таасири















Адистер, таштанды полигону Бишкекте орногон ыштын дагы бир себеби экенин айтып келишет. Бул полигондо көп жылдардан бери таштандылар өрттөнүп, атмосферага уулуу заттар бөлүнүп чыгып турат.

Медициналык илимдердин кандидаты Калия Молдогазиеванын айтымында, шаардын таштанды полигону тургундардын ден соолугуна чоң зыян алып келет:

“Таштандыларды өрттөгөндө атмосферага уулу заттар бөлүнүп чыгат. Алар фурандар, диоксиндер, формальдегиддер, кычкылтек газы, метан жана башкалар. Мунун баары адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизет. Өзгөчө кооптуу болуп диоксиндер саналат”, - деп билдирген.

Белгилей кетсек, World Air Quality уюмунун маалыматына ылайык, Бишкек дүйнөдөгү абасы булганыч шаарлардын сап башында турат.


“Полигондон пайда таба алабыз”

Бишкектеги таштанды полигонун иштетүү менен Кыргызстанга пайда алып келүүгө болоорун эколог Жээнбек Куленбеков белгиледи:

“Таштанды полигонун иштетүүнүн эки жолу бар. Биринчиси, таштандыларды көмүп салуу, ал эми экинчиси аларды иштетүү менен башка продукцияларды чыгарууга болот. Мисалы: таштандылардан чыгып жаткан “метан” газын атайын түтүкчөлөр аркылуу чогултуп, үйлөрдү жылытканга жана башка тармактарда кошумча энергиянын булагы катары колдонсо болот. Ал үчүн, эң алгач таштанды иргөөчү завод, андан кийин кайра иштеп чыгаруучу завод куруу керек болот”,-деди.

Белгилей кетсек, таштандыларды эффективдүү пайдаланган өлкөлөрдүн сап башында Швеция мамлекети турат. Швецияда таштандылардын 99% кайра иштетилет.

Эркеайым Темирболотва

Гулиза Урустамбек кызы