Майыптыгы бар адамдар тууралуу стереотиптер канткенде жоюлат? (Лонгрид)

.

Майыптыгы бар адамдар тууралуу стереотиптер канткенде жоюлат? (Лонгрид)

Майыптыгы бар адамдарды «колунан эч нерсе келбейт», «кайырчы болсо керек», «төрөй албайт» деген сыяктуу стереотиптер биздин коомдо терең калыптанып калган. Бул стереотиптер алардын коомго аралашып, жашап, иштеп кетишине көп учурда тоскоолдук кылат.

31 жаштагы Каныкей кол өнөрчүлүгү менен алектенип, башкаларга дагы окууларды өткөрүп, үйрөтүп келет. Ал сыналгыдан кол өнөрчүлүк боюнча атайын курс болуп атканын көрүп, алар менен байланышып, үч ай кол өнөрчүлүктү үйрөнгөн.

Учурда кышкыга калың тумак менен шарфтарды токуп, Инстаграммдан сатат.

Жумуш берүүчүлөр адамдын талантын, эмнеге шыктуу экенин сынап көрбөй туруп, «Майыптыгы бар адамдардын колунан келбейт» деген стереотиптерден улам эле жыйынтык чыгарып койгонуна кейийт.

«Жумуш берүүчүлөр «Бул кебетең менен кантип иштейсиң?», — дегенсип карап, «Сен иштей алмак белең?» – деп жолго салышчу. Менден «Талантың барбы? Эмнеге шыктуусуң?», – деп эч ким сураган жок. Басканыбызды көргөндө эле биз үчүн эшик жабылат. Эсимде бир жолу «Ош» базары жакта жайгашкан тигүү цехине жумуш издеп барсам, «Алдагындай кебетең менен кантип иштемек элең?», — деп шагымды сындырган «, — дейт Каныкей.

Учурда Каныкей «Назик кыз» коомдук уюмунда иштейт, 1-топтогу майыптыгы бар. Бул жерде майыптыгы бар кыздарга өзүн өзү өнүктүрүүгө жардам берип, жол көрсөтөт.

«Мен аларга токуганды дагы үйрөтөм. Кардарларымды тартып алат деп кызганбайм, алар дагы өз жолун таап, оокат кылсын дейм«, — дейт Каныкей.

Стереотиптер коомго аралашып кетүүгө тоскоолдук кылат
Майыптыгы бар адамдарга карата элдин стереотиптик ой-жүгүртүүлөрүнө негизделген мамилелери, алардын социалдык жактан интеграцияланышы жана коомго адаптацияланышы дайыма тоскоолдуктарды жаратып келет, аларга психологиялык жаракаттарды келтирип, коомчулуктан четтеп калышына түрткү болууда.

Андыктан, бардык жарандарга, өзгөчө калктын аярлуу топторуна карата орун алган басмырлоонун жана терс стереотиптердин тамырын кыркуу зарыл.

Ушуга байланыштуу БУУнун Өнүктүрүү программасынын долбоору майыптыгы бар адамдарга карата терс стереотиптерге изилдөө жүргүзгөн.

Изилдөө майыптыгы бар адамдарга катара стереотиптик ой-жүгүртүүлөр мамлекеттик масштабдагы мүнөзгө ээ болуп кеткендигин аныктаган. Бул бир гана катардагы жарандарга тиешелүү эмес, бул ошондой эле өлкөнү өнүктүрүү саясатын жана программаларын иштеп чыгып жаткан мамлекеттик кызматкерлердин арасында дагы жайылган.

Бүгүнкү күндө майыптыгы бар адамдарга карата стереотиптик ой-жүгүртүүлөр саясатта, мыйзамдарда, маалыматтык талаада орун алып жана алардын басмырлоого кабылышына алып келүүдө.

Майыптыгы бар адамдардын баары кайырчы эмес

26 жаштагы Айпери Маралбаева тубаса майыптыгы бар. Айпери жаңы мектепке барганда эле «майыптыгы бар адамдарга окуунун кереги жок» деген стереотиптерден улам дискриминацияга кабылган. Бирок буга сынып калбай, үйүнөн окуп орто билим алган, кийин колледжге тапшырган.

«Мектепте мага карата жасалган ар кандай кемсинтүүлөрдөн улам окуган жокмун. Кийин, «Назик-кыз» майыптыгы бар кыздардын коомдук бирикмесине барып, ал жерден көп нерсени үйрөндүм. Өзүмдү өстүрүү боюнча көп тренингдерге катыштым. Учурда «Назик-кыз» коомунда иштейм жана коледжде окуйм«, — дейт Айпери.

Айпери көп адамдар стереотиптерден улам майыптыгы бар адамдарга башкача мамиле жасаганы, жумшак айканда көп ыңгайсыздыкты жаратарын айтат.

«Кечээ жакында эле транспорт күтүп турсам, тааныбаган эле апа келип «Эй кыз» деп мени колумдан жулкулдатып, «Сен төрөй аласыңбы?» деди. Мен ал учурда эмне деп жооп береримди билбедим. Бирок, мага аябай катуу тийди. Кагып салайын десем жашы улуу эле апа«, — дейт Айпери.

Анан дагы майыптыгы бар болсо, демек, ал кайырчы деген стереотип кыжырды келтирет.

«Турсаң адамдар келип 5 сом берет, 10 сом берет, 100 сом берет. Эмнеге берип жатасың деп сурасаң, эми сен майыпсың да деп айтат. Бул стереотип. Майыптыгы бар адамдын баарын кайырчы деп ойлогон туура эмес«, — дейт Айпери.

Майыптыгы барлар үчүн 5%дык квота
Майыптыгы бар болгону үчүн жумушка албай коюу мыйзам бузуу болуп саналат. 2008-жылы «Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укугу тууралуу мыйзам» кабыл алынган. Бул мыйзамга ылайык, мамлекет тарабынан майыптыгы бар адамдар үчүн жумуш орундарына 5% квота берилген.

Жумуш берүүчүлөр белгиленген квотаны эске алуу менен майыптыгы бар адамдарды ишке орноштуруу үчүн жумуш орундарын түзүүгө милдеттүү. Эгерде жумуш берүүчүлөр майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тартышса, атайын квотанын негизинде 8 миң сомдон 10 миң сомго чейин айып-пул салынат. Бул көрүнүш бир нече жолу кайталанса, айып-пулдун өлчөмү эки эсеге көбөйтүлүп, 15 миң сомдон 20 миң сомго чейинки каражатты түзөт.

Мыйзамда «мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын жетекчилери майыптыгы бар адамдардын укугун бузган болсо кызматынан четтетилет» деген норма каралган. Эгерде чиновник майыптыгы бар адамдын укугун бузса кызматынан четтетилет.

Бирок мыйзамдагы бул нормага каралган, мамлекеттик кызматкерлердин ичинен майыптыгы бар жарандар 5%га жетпей келет.

Жоопко тартуу механизми иштебейт
Тилекке каршы, бул мыйзамга ылайык, бизде майыптыгы бар адамды жумушка албай койгон жумуш берүүчүнү жоопко тартуу механизми иштебей турганын «Феномен» коомдук фондунун президенти, юрист Искендер Султаналиев билдирди.

«Мамлекет тарабынан майып адамдар үчүн жумуш орундарына 5% квота берилген. Бирок, майыптыгы бар адамдарды жумушка албай койгон учурда жоопко тартуу механизми иштеген жок. Бул механизмди ишке ашырып, алдыга жылдыруу боюнча биз, кесиптештерибиз менен биргеликте Өкмөткө кайрылганбыз. Азырынча жооп жок«, — дейт юрист.

БУУнун статистикалык маалыматы боюнча, Кыргызстанда майыптыгы бар аялдардын жана эркектердин арасында 28%ы экономикалык жактан активдүү деп эсептелет. Алардын ичинен 20%ы иш менен камсыз болгондор.

Майыптыгы бар эркектердин 40%ы экономикалык жактан активдүү деп эсептелинип, алардын ичинен болгону 20%ы иш менен камсыз болушкан.

«Майыптыгы бар адамдар өзүлөрү жумуш издеп келишпейт»

Мамлекет ээлик кылган «Учкун» акционердик коомунун жетекчиси Даир Кенекеев алардын акционердик коомунда жалпы 153 кызматкер эмгектенсе, анын майыптыгы бар жарандар.

Акционердик коомдун жетекчиси Даир Кенекеев майыптыгы бар жарандар өзүлөрү жумуш издеп келе бербесин айтат.

«Иштейм деген майыптыгы бар адамдар үчүн биздин эшик дайыма ачык. Аларга, мүмкүнчүлүгүнө жараша жумуш беребиз. Азыр бизде иштеген майыптыгы бар 8 адам мукаба цехинде чаптап, же кагаздарды иреттеп иштешет. Бирок, көп учурларда майыптыгы бар адамдар өздөрү жумуш издеп көп кайрылышпайт да. Жумуш издеп келишсе жогоруда айткандай эле, аларга биздин эшик дайыма ачык«, — дейт Даир Кенекеев.

Жарандык активист Оскар Райс «Учкун» ААКсында майыптыгы бар жарандарга шарттар түзүлбөгөнүн айтып чыккан.

Блоггер Оскар Райс Фейсбуктагы баракчасына «Учкун» имаратына майыптыгы бар адамдар кире албастыгын, пандустар жөн гана шоу үчүн коюлганын, анын жанындагы атайын коюлган кнопка иштебестигин жазган.

«Мен коляскада отургам, үч адам көтөрдү. Эшиктер тар, кире бериште да бир тепкич бар, андан өтүш керек» — дейт Оскар Райс.

«Учкун» акционердик коомунун алдындагы пандустун жанындагы кнопка

Бирок, Кенекеев бул дооматтар менен макул эмес.

«Майыптыгы бар адамдар үчүн бизде бардык шарттар каралган. Пандустар талапка ылайык жасалып, анын жанына атайын кнопка орнотулган. Ал кнопканы басканда биздин мөөнөттөгү кароолчулар чыгып, алардын мекемеге кирүүсүнө көмөк көрсөтүшөт«, — дейт Кенекеев.

Бул жумуш берүүчүлөрдүн, ишкерлердин жеткиликтүүлүк элементтери кандай болушу керек экени туурасында маалыматынын жоктугунан кабар берет. Ал тууралуу жеткирүү жана талап кылуу албетте мамлекеттин иши.

Конвенция боюнча мамлекет объекттердин жана кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн минималдуу стандарттарды жана багыт көрсөтүүчү документтерди иштеп чыгуусу, буга катышкан баардык тараптарга атайын окууларды уюштуруп, нускамаларды чыгарышы зарыл.

Майыптыгы бар адам катары жумуш издеп көрдүк

Биз, көзү азиз, коляскада отурган, таяктын жардамы менен баскан адамдын ролуна кирип жумуш издеп, «жумуш берилет» — деген жарыялар аркылуу он бештен ашык мамлекеттик жана жеке менчик ишканаларга байланышып көрдүк.

Жыйынтыгында, алардын бири дагы «Майыптыгыңыз болсо жумушка албайбыз», «Көзүңүз көрбөсө кантип иштемек элеңиз» деп айткан жок. Тескерисинче «Брайль шрифттери менен окуй алсаңыз келип көрүңүз», «Биздики отуруп иштеген жумуш, келип көрсөңүз болот», — деген сыяктуу жооптор болду.

Жеткиликтүүлүк болсо, стереотиптер да бара-бара азаят
Биринчиден, майыптыгы бар адамдарды туулгандан баштап эле өсүп өнүгүүсүнө, жалпы билим берүү мекемелеринен билим алуусуна, эмгектенүүсүнө шарт түзүп бериш керек. Башкача айтканда, аларды бала кезинен эмгекке үйрөтүш керек.

Экинчиден, майыптыгы бар адамдар иштеш үчүн көчөдө жүргөндө керектүү шарттар түзүлүп берилиши керек. Мисалы, коомдук транспортко түшүүгө, тратуарларда басууга, кайсы бир мекемелерге кирүүгө майыптыгы бар адамдарга катара жеткиликтүүлүк жок. Алар башка адамдын жардамысыз өз алдынча көчөгө чыга алышпайт.

Мына ушундан улам жумуш издеген майыптыгы бар адамдар да аз. Качан гана мамлекет майыптыгы бар адамдардын коомго аралашуусуна жеткиликтүү шарттарды түзүп бергенде гана ар кандай стереотиптерден арылып, өз алдынча көчөдө кенен жүрүүгө, окууга, иштөөгө аракет кылышмак.

Стереотиптерден улам дискриминацияга кабылышат
«Иштей албайт», «Төрөй албайт», «Окуй албайт» деген сыяктуу стереоптиптерден улам майыптыгы бар жарандар башкалар тарабынан дискриминацияга көп кабылышат. Аларда дискриминацияга каршы иммунтитет пайда болгондуктан, улам көп учурда99,9%ы сотко кайрылышпайт.

Аларды жаман сөздөр менен тилдеп, кемсинтип кеткен учурлар көп кездешерин айтып, «Феномен» коомдук фондунун президенти, юрист Искендер Султаналиев төмөнкүлөргө токтолду:

«Эгерде майыптыгы бар адам сотко кайрылса, сот КРнын граждандык кодексинин 18-беренесинин негизинде жоопко тартып, акчалай айып-пул салат. Канча сомго айып салынаарын сот өзү чечет«, — дейт.

Жеткиликтүү шарт түзүлсө, стереотиптер азаят
«АРДИ» майыптыгы бар балдардын ата-энелеринин коомдук бирикмесинин юристи жана программалык менеджери Сейнеп Дыйканбаеванын айтымында, стереотиптерди жоюу үчүн майыптыгы бар адамдарга башкалар менен тең шарттарды түзүү зарыл. Ошондо аларга коомго толук кандуу аралашып, өзүлөрүн ар кайсы тармактарда көрсөтүп башташат.

Дыйканбаева

«Көбү майыптыгы бар адамдардын жашоодогу кыйын учурларын эле көрүшөт. Чындыгында андай эмес да. Алардын арасында да билимдүү, көп ийгиликтерге жеткендери да бар. Эгерде аларга жетиштүү шарт түзүлсө, аларга болгон стереотиптер бара-бара жоголот«, — дейт Сейнеп Дыйканбаева.

Экинчиден, стереотиптерди жокко чыгаруу үчүн майыптыгы бар адамдарды ар кайсы тармакка кошуп, коомго аралаштырыш керек. Алар канчалык коомго аралашса, стереотиптик көз караштар да азаят.

Мисалы Франция, Америка, Финляндия, Италия сыяктуу өлкөлөрдө майыптыгы бар адамдардын көчөгө чыгуусу үчүн коопсуздук жактан да, техникалык жактан да, мүмкүнчүлүк жактан да бардык шарттар түзүлүп берилгендиктен, алар көчөгө көп чыгышат. Ага элдердин да көзү көнүп, аларга кадимки адамдардай эле мамиле жасап калышкан.

Көчөдө майыптыгы бар адамдарды көп кездештиресиң жана алар эч кандай стереотиптерге кабылышпайт. Биздин өлкөдө да ошондой деңгээлде шарттарды түзүп беришсе, майыптыгы бар адамдар коомдук жайларга көп чыгышса, бара-бара аларга болгон стереотиптик көз караштар азаймак.

Автор: Кымбат Турдубекова
Редактор: Дилбар Алимова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты