​​Башкы прокуратура: Тоң райсот судьясынын жоопкерчилиги облустук сотто каралат

  • 3 года мурун

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун соту 11-декабрда 13 жаштагы окуучу кызды зордуктоого шектелген эки кишини актап жиберген, ал эми бирөөнө жазаны жеңилдетип салган. Башкы прокуратура аталган сот процесси боюнча буларды билдирди:

-Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарына ылайык, соттук актынын мыйзамдуулугуна жана негиздүүлүгүнө жогору турган соттук инстанция тарабынан гана баа берилет.

Эгерде Ысык-Көл облустук соту тарабынан Тоң райондук сотунун чечимдери мыйзамсыз деп табылып жокко чыгарылып, иш боюнча айыптоо мүнөзүндөгү чечим кабыл алына турган болсо, Тоң райондук сотунун судьясынын жоопкерчилигин кароого мүмкүн.

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кара-Шаар айылынын тургуну 8-классынын окуучусу, 2005-жылы төрөлгөн өспүрүмдү ушул эле айылдын эки 28 жаштагы жана 41 жаштагы тургундары күч колдонуп зордукташкан факты кылмыш жана жоруктар реестрине жазык кодексинин 161-беренеси. (Зордуктоо) менен катталган.

Тергөөдө аныкталгандай, жаш өспүрүмдү зордуктоо аракеттери жогорудагы жарандар тарабынан өз-өзүнчө же башкача айтканда, ар кайсы убакта болгондуктан үч жазык иши козголгон.

Тергөө жыйынтыгы менен үч жаранга карата айыптоо корутунду бекитилип, негизинен кароо үчүн Тоң райондук сотуна жиберилген.

Мамлекеттик айыптоо 28 жаштагы эки соттолуучуну 15 жылга, ал эми 41 жаштагы тургунду 20 жылга эркиндигинен ажыратууну сураган. Тоң райондук сотунун судьясы С.Соодонбековдун 2020-жылдын 2-жана 11-декабрындагы өкүмдөрү менен 28 жаштагы тургундарынын аракеттеринде кылмыштын курамы жок делип акталышып, сот залынан бошотулган.

Ал эми 41 жаштагы үчүнчү соттолуучу жазык кодексинин 164-беренеси (16 жашка жетелек өспүрүм менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) менен күнөөлүү деп табылып, 7 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылган.

Үч соттук чечимдин бирөө гана толук түрдө райондук прокуратурага түшкөндүктөн, Ысык-Көл облустук сотуна даттануу сунушу келтирилип, калган эки соттук актылар күтүлүүдө., -деп билдирди Башкы прокуратура.

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун соту Сабыр Соодонбеков 11-декабрда 13 жаштагы окуучу кызды зордуктоого шектелген эки кишини актап жиберген, ал эми бирөөнө жазаны жеңилдетип салган. 13 жашар кызды үч киши жарым жыл бою зордуктап, видеого тартып, аны классташтарына көрсөтөбүз деп коркутуп келишкен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты