​АКШ каржы министрлиги Райымбек Матраимовго карата санкция киргизүүдө

АКШ каржы министрлиги Райымбек Матраимовго карата санкция киргизүүдө. Райымбек Матраимовго Магнитский Глобалдык мыйзамынын негизинде сакциялар киргизилет.

Бул тууралуу АКШнын каржы министрлигинин сайтында жазылды.

АКШнын Каржы министрлигинин Чет элдик активдерди көзөмөлдөө офиси (OFAC) Африка жана Азиянын айрым мамлекеттериндеги жемкорлорун жана алардын байланыш чөйрөлөрүн көзөмөлгө алат. Бүгүнкү иш-аракет Глобалдык Магнитский адам укуктары жоопкерчилик актысынын негизинде жемкорлук менен алектенип келген, адам укуктарын одоно бузуп келген кылмышкерлерди көздөйт жана аны ишке ашырууга багытталат.

“Коррупцияга каршы эл аралык күнү, 9-декабрда, АКШ каржы министрлиги Африка жана Азиядагы жемкорлордун аркасынан түшүп элдин эсебинен байып, кызмат абалын жеке кызыкчылыгы үчүн пайдалангандарды мындан ары жоопко тартуу ишин улантат” деди каржы министри Стивен Мнучин.

Райымбек Матраимов тууралуу мындай деп жазылган:

-Райымбек Матраимов Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, кеминде 700 миллион АКШ долларын аткезчилик жолу менен Кыргыз Республикасынан алып чыгуу схемасына катышкан. Схема бир компанияны колдонуудан жана ага бажы төлөмдөрүнөн качуусуна жол берүүдөн турган.

Ал компания бажы кызматкерлерине пара берген соң, бажы кызматкерлери кымбатыраак товарларын баасы арзаныраак товар катары каттап ,компаниянын кирешесинин эбегейсиз өсүшүнө себепкер болушат. Андан тышкары, компаниянын товарлары бажы терминалдарынан башка компаниялардын товарларына караганда тезирээк өтөт. Бул компанияга тиешеси жок, пара бербеген башка компаниялардын товарлары көп учурда тыгыз көзөмөлдөн өткөрүлүп, оор жүк ташуучу унаалардан түшүрүлүп бажы кампаларында апталар, болбосо айлар бою тура берет.

Матраимов кызматынан пайдаланып аталган компаниянын товарларынын Кыргыз Республикасынын чек араларынан кынтыксыз өтүүсүн камсыз кылган. Матраимов компаниядан түшкөн параны топтоо жана бөлүштүрүү ишин алып барган. Мындан тышкары, Матраимов бул

компанияга курьерлер аркылуу накталай каражаттарды аткезчилик жолу менен чыгарып кетүүдө жардам көрсөтүп келген. Кыргызстандын укук коргоо органдары аэропортто ири суммада накталай акча ташып жаткан курьерлерге жакындаганда, бул курьерлер саякаттарын улантуу үчүн Матраимовдун атын колдонушкан.

Матраимов Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматынан пайдаланып бул бажы схемалары аркылуу жүздөгөн миллион доллар киреше тапты.

Матраимов жемкорлук, анын ичинде мамлекеттик активдерди мыйзамсыз ээлеп алуу, өз кызыкчылыгы үчүн жеке менчик активдерди тартып алуу, мамлекеттик контракттар же кен байлыктарын казып алууга байланышкан жемкорлук, же паракорчулук менен, же түз же кыйыр алектенген, же аларга жооптуу, же катыштыгы бар учурдагы же мурунку мамлекеттик кызматты ээлеген чет элдик жаран деп белгиленди.

Саясатчы Равшан Жээнбеков Райымбек Матраимовго Магнитский актысы боюнча санкция киргизүү тууралуу буларга токтолду: .
— Кайсы чон чиновниктер адам укугун бузат, системалуу коррупция менен алектенет АКШ, Европа мамлекеттери тарабынан басымга кабылат, виза берилбейт, өздөрү ылайыгы келгенде жана мүлкү камакка алынат.
Бул кейс президенттер, премьерлер, баш прокурорлор, ИИМ жана УКМК жетекчилери үчүн чоң капкан.
Магнитский актысы мурда АКШ тарабынан гана колдонулса, азыр аны Европа дагы колдойт. Бул чиновниктер өмүр бою басымга кабылат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты