​Финпол: Сарпашев 500 гектардан ашык жерди мамлекетке кайтарды

  • 3 года мурун

Мурдагы вице-премьер- министр Тайырбек Сарпашев мамлекетке 500 гектардан ашык жерди кайтарды.

Бул тууралуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы (финансы полициясы) билдирди.

Тайырбек Сарпашев 30-ноябрда финансы полициясында суракта болуп, Токтогул районунун Торкен айлындагы 530 гектар жерди мамлекетке кайтарып берээри кабарланган.

Сарпашевге карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки териштирүү баштаганын Финпол 27-ноябрда кабарлаган. Мекеменин маалыматына караганда, «ал мамлекеттик мекемеде жетекчилик кызмат ордун ээлеп турганда көп сандаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатып алган, кийин аны декларацияларда көрсөтпөстөн жакын туугандарына каттаган».

Сарпашев өкмөттө 2012-2014-жылдары экономика жана инвестиция боюнча вице-премьер-министр, 2014-2015-жылдары биринчи вице-премьер-министр болгон. 2015-жылдын ноябрь айынан 2017-жылдын июнь айына чейин мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты