«Райым – миллиондун кылмыштуу империясы жөнүндө журналисттик иликтөө эмне үчүн ушунчалык маанилүү?”

  • 3 года мурун

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу “Интерньюстун” “Умтулуу” сыйлыгынын тапшыруу аземинде сөз сүйлөдү.

Элчи буларга токтолду.

-Өткөн сыйлык тапшыруу аземинен бери акыркы 18 айда кайсыл окуя Кыргызстандагы жаңылыктардын эң маанилүүсү болду? Шайлоо? Коронавирус? Революция? Жок.

Акыркы 18 айдагы эң маанилүү окуя – Райым миллиондун кылмыштуу империясы жөнүндө журналисттик иликтөө. Бирок ал эмне үчүн ушунчалык маанилүү?

Уюшкан кылмыштуулук Кыргызстанда Совет мезгилинен бери эле болуп келген жана өнүккөн. Бирок ал өткөн жылга чейин ар дайым көмүскөдө жашап келген. Azattyk, KLOOP, OCCRP, Factcheck.kg жана ондогон социалдык медиа журналисттеринин тайманбас журналистикасы уюшкан кылмыштуулук жөнүндө коомдук талкууну баштады. Бул өкмөттү жооп берүүгө аргасыз кылды.

Бул кылмыштуу үй-бүлөнүн ач көздүгүнөн, күчүнөн жана кол тийбестигинен кыргыз коомчулугу жийиркенди. Алар бул кылмышкерлер кыргыз коомчулугундагы коррупцияны кантип күчөткөнүн көрүштү. Мурунку УКМК жана парламенттик комиссия иликтеп, бирок эч нерсе тапкан эмес.

Мурунку бийликтин тушунда бир нече журналисттер сабалып, коркутулуп, түрмөгө камалган. Былтыр Райым миллион медиаларга каршы жалаа жаап, алардын мүлкүн алдын-ала камакка алууга аракет кылган. Коомдук реакция катуу болду.

Андан кийин “Мекеним Кыргызстан» бийликке жок жерден көтөрүлүп, 4-октябрда добуштардын 24 пайызын жана парламенттеги орундардын дээрлик 40 пайызын жеңип алган.

— Ал эми 5-октябрда эл көтөрүлүп, мындай көрүнүштү кабыл алууга болбойт деген.

— Добуштарды сатып алуу туура эмес болгон.

— Номер 2 форма боюнча кыянаттык менен пайдаланууга жол берилген жок.

— Чыныгы саясий партияларды парламентке киргизбегендиги кабыл алынбады.

Андан кийин убактылуу Садыр Жапаровдун чечимдерине таасир этүү үчүн уюшкан кылмыштуу топ тарабынан аракеттер көрүлдү. Алар интернет-троллдорду, көчөлөрдөгү бейбаштарды жана Кыргызстан лидерлерин күч менен коркутушкан.

Кыргыз эли жана Убактылуу өкмөт муну кабыл алууга болбойт деп билдиришти. 20-октябрда УКМК Раим миллион камакка алынган. 22-октябрда алар Камчыбек Көлбаевди камакка алышты. Соттор Раим миллионду өкмөткө 2 миллиард сом төлөп берем деген убадасынын ордуна үй камагына чыгарганы чын болсо дагы, бул кадамдар башталат. Алар жетишсиз, бирок бул башталышы.

Бул Голливуддун мафия тууралуу киносуна окшоп кетти. Бирок сиз кино тасманын кандайча бүтөөрүн азырынча билбейсиз.

Кинонун кандайча бүтөөрүн айтып берейин. Өкмөт кылмышкерлерди жоопко тартат, аларды жазалайт. Бу -л алардын кылмыштуу уюмдарынын кыргыз элинин ырыскысын уурдоодон коргойт. Бул — кылмышкерлердин сиздин балдарыңызды баңгизат менен ууландыруусуна жол бербейт. Бирок бул кайраттуу адамдар каршы чыкканда гана жасалат.

Бул — журналисттердин, жарандык активисттердин жана ушул өлкөнүн эр жүрөк лидерлеринин иши. Жана ушул максат үчүн Кыргызстан эл аралык өнөктөштөрүнүн, анын ичинде АКШнын толук колдоосуна ээ болду.

Сиздерге кайрат жана эр жүрөктүк үчүн баарыңыздарга ыраазычылык билдирем. Сиздер Кыргызстандын бардык эли үчүн күчтүү өлкө түзүп жатасыздар, -деди АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты