Майыптыгы бар жарандар үчүн керектүү шарттар түзүлгөн эмес (Лонгрид)

.

Майыптыгы бар жарандар үчүн керектүү шарттар түзүлгөн эмес (Лонгрид)

29 жаштагы Элвира көзү тубаса начар көрчү, бирок бара-бара начарлап отуруп үч жылдан бери такыр эле көрбөй калган. Аны дайыма жанында жолдошу коштоп жүрөт, анткени, Кыргызстанда көзү азиздер өз алдынча жүрө турган шарттар толук түзүлгөн эмес.

Элвира көзү азиздер үчүн атайын мектептен билим алып, Бишкек Гуманитардык университетинин психология факультетин аяктаган. Брайль шрифти менен окуй алат.

Сүрөт интернеттен алынды

Брайль шрифти деген эмне?
Брайль
— бул көзү азиз жана начар көргөн адамдар үчүн китеп, ар кандай жазууларды окуу үчүн колдонулган атайын система. Бул системаны — Франциялык Луи Брайль 19-кылымдын башында ойлоп чыгарган.

Бирок, Кыргызстанда Брайль системасынын бардык жакта жок экендиги көзү азиздердин жашоосунда көп кыйынчылыкты жаратат.

Мындай кыйынчылыктар лифттерге түшкөндө, коомдук транспорттордо, ооруканаларга барганда, светофорлордо жана банкоматтан акча алган учурларда көп болорун айтат Элвира.

Банкоматтан акча ала албай
Элвира
менен чогуу биз банкоматтан акча алганга аракет кылып көрдүк. Бирок, банкоматтардын баскычтарында брайль шрифти же аудио коштомо жок болуп чыкты. Бул көзү көрбөгөн адам өз алдынча акча чыгара албайт дегенди түшүндүрөт.

Сүрөт: интернеттен алынды

«Өзүңөр көргөндөй, мен кайсы баскычтарды басканда кандай жазуу чыкканын да билбей калам. Бул абдан кооптуу да, бирөөдөн жардам дагы сурай албайсың, ар кандай адамдар болот, акчаңды чыгарып алса эмне болот?«, — дейт Элвира.

Баарына бирдей мүмкүнчүлүк
Майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоого багытталган негизги эл аралык документ — бул БУУнун Майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндө конвенция болуп саналат. Бул конвенцияны Кыргызстан 2019-жылы ратификациядан өткөргөн.

Бул мамлекет майыптыгы бар жарандардын шаарда жүрүүсүнө баардык шарттарды түзгөн инфраструктура, жеткиликтүү маалымат, коммуникация менен камсыз кылышы керек дегенди түшүндүрөт. Жалпысынан айтканда майыптыгы бар адамдарга көз карандысыз жашоо образын жүргүзүүгө, коомдун баардык аспектилерине активдүү катышууга толук шарт түзүлүшү керек.

Аны менен катар эле майыптыгы бар адамдар дагы бардык жарандар сыяктуу эле толук кандуу билим алууга, медициналык жана башка кызматтарды алууга укуктуу. Аларды оорулуу адам катары эмес, толук кандуу жаран катары кабыл алуу зарыл.

Сүрөт: интернеттен алынды

Кыргызстан бул конвенцияны ратификациядан өткөргөнү менен майыптыгы бар адамдар үчүн азырынча жеткиликтүү шарттар түзүлө элек.

Эльвира көзү азиздер үчүн мамлекет тарабынан атайын шарттар түзүлсө деп кыялданат.

«Мен лифтке дагы жалгыз түшпөйм. Туура эмес кнопканы басып, айланып жүрө беришим мүмкүн. Мисалы, лифттердин баскычтарына Брайль шрифтин орнотуп коюу зарыл«, — дейт Эльвира.

Сүрөт: интернеттен алынды

Европа өлкөлөрүндө жана Америка Кошмо Штаттарында, көзү азиз адамдар үчүн иштелип чыккан банкоматтар көп кездешет. Бул банкоматтар азиз адамдар менен бир нече тилде сүйлөшө алышат: италья, немис, англис жана француз. Бардык көрсөтмөлөрдү жана түшүндүрмөлөрдү шайман атайын кулакчындар аркылуу жүзөгө ашырат, ошондо берилген маалымат үчүнчү жактарга угулбайт.

Искендер Султаналиев

Терминалдарга аудио үндү орнотсо болот
Терминалдарга, банкоматтарга көрүүсү начар адамдар үчүн аудио апарат орнотуп койсо болоорун айтат «Феномен» коомдук фондунун президенти, юрист Искендер Султаналиев.

«Эмне үчүн аудиоүндү терминалдарга, банкоматтарга, лифттерге орнотпой койгону мага да кызык. Себеби, компьютерлерде, телефондордо азиздер үчүн аудиоүн программасы бар да. Ошол эле программаны терминалдарга орнотсо болот. Терминалды басканда сүйлөп берсе, ошонун негизинде каалаган табыштаманы ишке ашырса болот«, — дейт Искендер Султаналиев.

Пандустар талапка жооп бербейт
26 жаштагы Айпери Маралбаеванын биринчи топтогу майыптыгы бар. Бишкектеги коледждердин биринде окуйт.

Айпери шаардагы имараттарда, коомдук жайларда майыптыгы барлар үчүн шарттар түзүлбөгөнүн айтат.

«Тепкичтер бийик, пандустар тик болуп жасалган. Мисалы, бул пандустан коляска менен майыптыгы бар адам түшө албайт. Анан дагы пандустарда эки жагынан кармагыч болсо ыңгайлуу болмок», — дейт ал.

Оскар Райс

Оскар Райс деген каймана ат менен белгилүү активист, блоггер акыркы беш жылдан бери майыптыгы барларга түзүлгөн шарттар боюнча видео материалдарды жарыялап келет.

«2007-жылы мен омурткамдан жаракат алып баса албай калдым. Ошондо майыптыгы барлар үчүн шаарда кыймылдап жүрүү өтө оор экенин байкадым. Же пандус жок, же автобустарга отура албайсың. Бул абалды оңдоого салым кошуу үчүн, бул көйгөйлөрдү социалдык тармактарга чыгара баштагам», — дейт Оскар.

Анын айтымында, Бишкек шаарындагы 95% пандустар талапка ылайыкталган эмес. Мамлекеттик эко-техинспекцияга кайрылганда, алар «бизге арыз түшмөйүнчө караганга укугубуз жок» — деп жооп беришкен.

Ошондо Оскар Бишкектин төрт районунун салык кызматынын имаратындагы пандустар боюнча арыз жазып кайрылган. Ал имараттарда пандустарды курушкан, бирок ал пандустардын бурчтары майыптыгы барларга ыңгайланган эмес. Арыздын жыйынтыгында Мамлекеттик эко-тех инспекциясы азыр салык кызматтарына айып пул салганы турушканын айтат активист.

«Бир аздан жылыштар байкалып жатат, бирок азыр жаңы имарат курулганда деле галочка үчүн эле пандус куруп коюшат. Эң биринчиден мамлекет жагынан мыйзамдарды, нормаларды күчтөнтүү керек. Мыйзамдарда чала жерлери бар экен. Мисалы, пандустар туура эмес курулуп калса, же майыптыгы бар адамдардын парковкаларын ээлеп алса айып пулдарды салуу керек, жарандарда социалдык жоопкерчилик болушу керек«, — дейт Оскар Райс.

Пандус кандай болушу керек?
Пандус – бетон, металл, жыгач сыяктуу ар кандай материалдардан жасалат. Азыркы күндө металлдан жасалган пандустарды көп кездештирүүгө болот.

Сүрөт: интернеттен алынды

Пандустар кандай болушу керектигин аныктаган атайын мамлекеттик стандарт бар экенин көпчүлүк биле бербейт. Ага ылайык, пандустун бурчундагы бурулуштар 5 градустан 10 градуска чейин болушу керек. Кээ бир жагдайларда бурулуш конструкциясы орнотулат. Ѳтө тик пандустарга чыгууда кыйынчылыктар жаралып, коркунучтар туулат.

Пандус атайын горизонталдык багыт менен орнотулуп, анын туурасы 1,5 метрден кем болбошу керек. Эгерде чыга турган тепкич узун болсо, 80 см бийиктиктеги жолдон кийин сөзсүз түз жер болушу шарт. Аны менен катар эле пандус бекем жасалып, өтө оор салмактагы адам менен колясканы көтөрө ала тургандай жасалышы зарыл.

Акыйкатчынын имаратынын алдындагы туура пандус

ЖКнын имаратынын алдындагы туура пандус

Туура эмес пандустар

К.Баялинов атындагы китепкананын алдындагы туура пандус

ЦУМдун жанындагы жер өтмөктөгү пандус

«Бомонд» дүкөнүнүн алдындагы пандус талапка жооп бербейт

Айпери БУУнун Майыптыгы бар адамдардын укугун коргоо боюнча конвенциясы кабыл алынгандан кийин колледжге тапшырган.

Окуу жайда дагы тепкичтерден көтөрүлүү кыйынчылык жаратарын жашырбайт. Бирок ага группалаштары жардам берип, жогору кабаттарга көтөрүлүүгө жардам берет же мугалимдер сабактарды биринчи кабатка жылдырып өтөт.

«Баары майыптыгы бар адам жасай албайт деп айтат. Эмнеге кыла албайт? Сен шартты түзүп бер. Эгер бизде пандус болсо, жолдорубуз түз болсо, тепкичтер ыңгайлуу болсо, бизде билимдүү балдар-кыздар көп, иштей алышат«, — дейт Айпери.

Маалымат үчүн айта кетсек, 2018-жылдын 1-январына карата берилген маалымат боюнча, Кыргыз Республикасында 183,4 миң жарандын майыптуулугу бар. Бул жалпы калктын 3%ын түзөт. Ал эми мунун ичинен 29,9 миңи жаш балдар, бул сан жалпы балдардын санынын 2,5%ын түзөт.

Көп акча кетпейт, калоо гана керек
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев майыптыгы бар адамдардын укугун коргоо боюнча эл аралык конвенцияны ратификациялагандан бери өкмөт тарабынан чоң иштер жасалбай жатканын сынга алды.

«Тилекке каршы, өкмөт тарабынан чоң иштер жасалган жок. Өкмөт майыптыгы бар адамдарга атайын шарттарды түзүп берүү үчүн көп акча кетпейт. Мен дагы мурда көп акча кетет го деп ойлочумун. Жок, андай эмес. Биз барын эсептеп чыкканбыз. Болгону каалоо гана керек. Негизи кайсы бир имараттын проектиси чийилгенде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн бардыгы каралат. Бирок, иш жүзүнө келгенде бары башкача болуп, талаптарга жооп бербей калат. Ал жерлерди тиешелүү органдар текшерип, штраф салып эле тим болушат«, — дейт Бекешев.

ЖКнын Дастан Бекешев

Ошондой эле депутат майыптыгы бар адамдардын жашоосун жакшыртуу боюнча 2020-жылкы бюджетке жаңы сунуштарды киргизген. Бирок, ал сунушту четке кагып коюшкан.

Аны менен катар эле Бекешев мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жөнөкөй мектептерде окусун жана аларга шарт түзүлүп берилсин деп, «Инклюзивдик билим берүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорун сунуштаган. Бул долбоор биринчи окуудан кабыл алынып, экинчи окууда каралып жаткан учуру.

Депутаттын айтымында, майыптыгы бар адамдарды коргогон Өкмөттүн алдындагы атайын түзүлгөн кеңешме иштесе, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен иштешкен уюмдар ушул кеңешме аркылуу маанилүү маселелерди көтөрсө болот.

«Бирок, кеңешме иштебей жаптайбы. Ал үчүн мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар да өзүлөрүнүн маселелерин айтып, жеткирип туруш керек», — дейт Дастан Бекешев.

Майыптыгы бар адамдардын укугун коргоо боюнча Эл аралык конвенциянын тексти менен таанышып алыңыз. Ага бул шилтеме аркылуу кире аласыз.

Автор: Кымбат Турдубекова
Редактор: Дилбар Алимова

Бул материал БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМинин «Кыргыз Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү» долбоорунун колдоосунда даярдалды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты