​Америка ыр сынагынын жеңүүчүлөрү жарыяланды

Кыргызстандык 700 окуучу менен жарышка чыккан 2020-жылкы Америка ыр сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды.

Калыстар тобу Билим берүү министрлигинин кызматкери, ырчы Мирбек Атабеков, америкалык Хэнхаус Праулэрз тобунун аткаруучусу Бэн Райт жана АКШ элчилигинин кызматкеринен түзүлдү. Жеңүүчүлөр, 20-ноябрда You Tube каналынын түз эфир берүүсүндө аныкталды.

Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Нурайым Нургазиева университеттер арасындагы конкурстун башкы байгесин утту. Ал Токмоктогу Борбордук Азиядагы эл аралык университетинин 2-курстун студенти, “I Got You (I Feel Good)” Джеймс Браундун ырын аткарды.

Университеттер арасындагы конкурстун экинчи ордун жеңген Айзана Усупбаева Бишкек шаарындагы Борбордук Азиядагы Америка университетинин 2-курстун окуучусу Алисия Кейстин “Fallin” аттуу ырын аткарды

Изат Замирбек кызы Токмоктогу Борбордук Азиядагы эл аралык университеттин 4-курстун студенти, ал Элвис Преслинин “Jailhouse Rock” аттуу ырын аткарды.

Мектептер арасындагы сынакта 1-орунду ээлеген Айдана Нурланова Бишкектеги 29-гимназия мектебинин 11-класстын окуучусу. Ал Фрэнк Синатранын “Fly Me to the Moon” аттуу ырын аткарды.

Нарын шаарынын Чкалов атындагы 2-мектептин 11-класстын окуучусу Уланса Төлөбек кызы “This is Me” аттуу ыр менен 2-орунду ээледи.

Үчүнчү орунду Нарын шаарынын Чкалов атындагы 2-мектептин 11-класстын окуучусу Айжамал Мукашова жеңди. Ал Фрэнки Валлинин “Can’t Take My Eyes off You” аттуу ырын аткарды. 2014-жылдан тарта АКШ элчилиги жыл сайын Sun People уюму менен биргеликте Америка ыр сынагын уюштуруп келет. Бул сынак АКШлык чеберлердин ырларын аткаруу аркылуу жогорку окуу жайлар жана орто мектеп окуучуларынын англистил шыгын өрчүтүүгө жана Кошмо Штаттарынын өнөрчүлүгү жана маданиятыжөнүндө көбүрөөк маалымат алууларына мүмкүнчүлүк түзөт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты