2022-жылдагы Америка ыр сынагы жыйынтыкталды

2022-жылдагы Америка ыр сынагы жыйынтыкталды

6-июлда Sun People коомдук фонду Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилигинин колдоосунда америкалык ыр сынагынын финалын өткөрдү.

Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сынакта Бишкек шаарынан, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас жана Чүй облустарынан келген орто мектептердин окуучулары жана университеттердин алты студенти англис тилинде америка ырларын аткарып, таймашты.

Америкалык ыр сынагы англис тилин окутууда чыгармачылыкты өнүктүрүүгө шарт түзөт, кыргыз жаштарынын талантын көрсөтөт жана жергиликтүү аудиторияны АКШнын уникалдуу музыкалык маданияты менен тааныштырат.

Финалдык сынакка чейин онлайн тандоо жана жарым финалдык турлар өткөн, алар өткөн жыл ичинде www.americansongcontest.kg сайтында өткөрүлгөн.

Быйылкы жылы сынакка 90 орто мектептен 9-11-класстарынын 400дөн ашык окуучусу, ошондой эле Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Бишкектеги 12 университеттен 70тен ашык студент катышты.

Америкалык дипломат Стивен Райдер, Аэлита Жолчиева – мэриянын билим берүүнү өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси жана Замира Мавлянова, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Бельканто вокал мектебинин негиздөөчүсү курамына кирген көз карандысыз калыстар тобу орто

мектептердин арасында сынактын үч жеңүүчүсүн жана ЖОЖдор арасында сынактын үч жеңүүчүсүн аныкташты:

Орто мектептер:

I орун — Дилола Өмүралиева, №2 мектеп-лицейинин 11-классынын окуучусу, Ысык-Ата району,

Чүй облусу;

II орун — Арина Кыдыралиева, № 26 мектеп-гимназиянын 10-классынын окуучусу, Бишкек шаары;

III орун — Айзат Кыялбекова, А.Огомбаев атындагы орто мектептин 11-классынын окуучусу, Талас району, Талас облусу.

ЖОЖдор:

I орун — Назикгүл Рыскулова, Кыргыз улуттук университетинин студенти;

II орун — Айтегин Темирбаева, Ош технологиялык университетинин студенти;

III орун — Нурсулуу Мураталиева, Ош мамлекеттик университетинин студенти.

Америкалык ыр сынагынын финалында АКШ Элчилигинин Access микростипендиялык программасынын студенттери дагы өзгөчө Sunlight&quot ырын аткарышты. Студенттер ырды Мамлекеттик департаменттин “American Music Abroad” программасынын алкагында америкалык музыкант Тони Меммелдин жетекчилиги астында англис тилинде жазышкан. АКШ элчилиги америкалык ыр сынагынын финалдык иш-чарасынын алдында элчиликтин Instagram баракчасында өткөрүлгөн социалдык тармактардагы Америкалык ыр сынагынын финалисттерине дагы байгелерди ыйгарды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

Спасибо за то, что решили нам помочь. Все ваши пожертвования пойдут на развитие нашего сайта.

договором оферты