Садыр Жапаровдун сөздөрү ЖМКга карата басымбы?

10-ноябрда Медиа Полиси институту, “Жарандык көзөмөл комитети” Садыр Жапаровдун ЖМКга жана журналисттерге карата айтылган сөздөрүнө байланыштуу билдирүү жасашкан. Ал билдирүүдө Садыр Жапаровдун айткандары “журналисттерге карата коомдо терс пикир жаратып, Кыргызстандагы сөз эркиндигине коркунуч туулуп жаткандыгы” катары белгиленет.

Медиа уюмдар эмнеге кооптонушууда?

Медиа Полиси институтунун билдирүүсүндө Садыр Жапаровдун ЖМКга жана журналисттерге айтылган сөздөр далилдер менен бекитилбегендиги айтылат:

Саясатчылар жана аткаминерлер журналисттердин жана коомчулуктун көңүл чордонунда болушат. Ошондуктан алар критикага туруштук көрсөтүүсү зарыл. Мындан сырткары, ЖМКлар негизги демократиялык институттардын бири. Жогорку рангдагы кызмат адамдын билдирүүсү сөз эркиндигине коркунуч жаратат жана ЖМКнын демократиядагы ролу тууралуу коомдун маалымат алуу укугунун бузулушуна алып келет”, — деп айтылган билдирүүдө.

Мындан сырткары, медиа уюмдар Президенттин милдетин аткаруучуну ЖМКнын демократиялык коомдогу ролун эл алдында таанып, тастыктоого жана журналисттерди дискредитациялоодон карманууга чакырышкан.

Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Галина Байтерек билдирүүгө төмөндөгүдөй жооп берген:

Садыр Жапаров эркин басма сөздү демократиялык өлкөнүн ажырагыс бөлүгү деп эсептейт. Ошондуктан медиа уюмдардын кооптонуусу негизсиз. Президенттин милдетин аткаруучу ЖМК өкүлдөрү сөз эркиндиги менен чогу жоопкерчиликти да бөлүшүүгө чакырат. ЖМК бардык темаларды бейтарап чагылдырып, маалыматты объективдүү жеткирип турууга милдеттүү”, — дейт Галина Байтерек

Окуянын чоо-жайы

Буга чейин Садыр Жапаров 7-ноябрда “Регион” телеканалына берген маегинде “Азаттыктын” журналисттери сөздү бурмалап, маалымат таратып жатышат деген. Анын айтымында, “Азаттык” элге Садыр Жапаровдун сөзүн бурмалап жеткирип жатат:

Мен “Азаттыкты” дайыма укчумун, маалыматты эки тараптуу беришчү. Убакыт болбой укпай калгам. Өткөндө убакыт таап, бир сааттык берүүсүн уктум. Бир айдан бери менин сөздөрүмдү эптеп бурмалап эле, бир тараптуу берип жатышат. Эгер кожоюндары буйрук берип жатса деле, бул жакта иштеген балдар-кыздар бурмалап бере албайбыз дешсе болмок. Же эки тараптуу болуш үчүн менден деле пикир алса болмок”, — деген Садыр Жапаров.

“Азаттык” эмне дейт?

Биз бул маселени талдоо максатында “Азаттыктын” редактору Айзада Касмалиева менен байланыштык. Айзада Касмалиеванын айтымында, Садыр Жапаровдун сын-пикири “Азаттыкка” түшүнүксүз:

Биз октябрда болгон нааразычылык акцияларын түз эфирден, бардык тараптардын пикирин эске алуу менен бейтарап чагылдырып келдик деп эсептейбиз. Нааразычылык акцияларын чагылдырууда бизге “силер бурмалап берип жатасыңар, жакшылап бергиле, Садыр Жапаровду колдоп бербей жатасыңар” деген сыяктуу наарызычылыктарын билдирип жана журналисттерге кол салуу аракеттери да болгондуктан, окуя болгон жерди таштап кетүүгө аргасыз болдук”, — деди “Азаттыктын” редактору.

Ошондой эле, Айзада Касмалиева бардык тараптардын пикирин эске алган материалдарды чыгарганын бизге билдирди:

Биз Садыр Жапаровдун тарапкерлерин да, өзүн да студияга чакырдык. Бирок алар келе албастыгын билдиришкен. Ушул күнгө чейин интервью алуу үчүн кайрылып келе жатабыз, бирок жооп ала элекпиз. Ошол эле учурда, Садыр Жапаровдун Аппарат жетекчиси биздин талкууларга бир нече ирет катышып, Өкмөттүн позициясын билдирип келе жатат. Биз бардык маалыматтарды бей-тарап берүү принцибинен тайган жокпуз”, — деди Айзада Касмалиева.

Мындан сырткары, “Азаттыктын” редакциясына жана журналисттерине коркутуулар жана басым орун алганын белгиледи:

Ушул күндөрү да биздин дарегибизге социалдык тармактар аркылуу коркутуп-үркүткөн жаман сөздөр келип жатат. Айрым журналисттердин өздөрүнө да ошондой комментарийлер, “Азаттыктан” кетип кал” деген сыяктуу коркутуулар келип жатат. Биз үчүн бул коркутуулардын негизи түшүнүксүз”, — деп билдирди Айзада Касмалиева.

Аны менен бирге, Айзада Касмалиева ЖМК кандайдыр-бир күчтүн кызыкчылыгын коргоого милдеттүү эмес экендигин айтты:

Массалык маалымат каражаттары бирөөнү колдоого, жагынууга же бирөөгө жагууга, жакпоого милдетүү эмес. ЖМК тараткан маалыматты коом өзү анализдеп, сиңирип алуусу керек”, — деди Айзада Касмалиева.

Буга чейин Садыр Жапаров журналисттерге коопсуздук кепилдигин берген

Садыр Жапаров 10-октябрь күнү “Ала-Арча” мамлекеттик резиденцияда берген маалымат жыйынында журналисттерге коопсуздук кепилдигин берген:

Эгер чындыкты факты менен далилдеген, коррупциянын бетин ачкан журналисттердин ден-соолугуна же өмүрүнө коркунуч туулуп жатса, мамлекет өз эсебинен жан сакчы бергенге даяр”, — деген Садыр Жапаров.

ЖМК бир тараптын кызыкчылыгын жактабашы керек

Медиаэксперт Бегайым Усенова ЖМК журналистиканын эл аралык стандарттарына ылайык, маалыматты ар тараптан бериш керек дейт:

“Журналисттерге туура маалымат бергиле деген адамдар журналисттин ишин толук түшүнө албай жатышат. Журналисттер маалыматты а р тараптан беришет. Ал эми маалыматты туура бергиле дегендер — алардын тарабын бергиле деп жатышат. Ал журналистиканын стандарттарына дал келбей калат. Журналисттер чагылдырат, көрсөтөт, критикалайт. Бирок, анын баары далил менен тастыкталышыш керек”, — деди Бегайым Усенова.

Муну менен бирге, Бегайм Усенова Садыр Жапаровдун айтуусу боюнча комментарий берди:

Садыр Жапаров “менин сөзүмдү бурмалап, такталбаган маалымат берип жатат” деп жатат. Эгер чынында ошондой болсо, Жарандык сот аркылуу чечишип алса болот. Анан, “Азаттыктын” кайсы жери жакпай калганын мисал менен айтса болмок. Балким ага программанын стили жакпай калгандыр, коноктун пикири жакпай калышы мүмкүн. Ошондуктан мисал бергени жакшы болот”, — деди Бегайым Усенбекова.

ЖМКларын тегерегинде болуп жаткан окуялардын мындан аркы өнүгүүсү кандай болоорун билүү максатында, медиаэксперт Марс Түлегеновго кайрылдык. Анын айтымында, ЖМКлардын тегерегинде болуп жаткан окуялар сүйлөшүү жолу менен чечилиши керек:

“Садыр Жапаровдун айтканынан кийин медиа уюмдар кооптонушуп, билдирүү жасашты. Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек ЖМКлардын жоопкерчилигин гана айткандыгын белгиледи. Бийлик тарабынан реакция болгону — жакшы көрүнүш. Анткени, мындай нерсе бийликтин маалыматы бар экендигин билдирет. Келечекте болсо, Медиа уюмдар, журналисттер жана басма сөз катчылар жолугушуп, чыгып жаткан маселелерди чогуу чечиш керек”, — деди Марс Түлегенов.

Сөз эркиндигин чектөөгө мыйзам жол бербейт

Кыргызстандагы адам укуктары жана эркиндиктери, анын ичинен сөз эркиндиги Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен корголот. Конституциянын 31-беренесине ылайык ар ким өз пикирин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине укуктуу.

Ошондой эле өлкөбүздөгү басма сөз Кыргыз Республикасынын массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү мыйзам менен жөнгө салынат. Бул мыйзамдын 20-беренесинде журналисттердин укуктары жана милдеттери жазылган.

Кыргызстан эгемендүүлүгүн алгандан кийин көптөгөн эл аралык уюмдар менен кызматташууга кол койгон. БУУнун 1948-жылы кабыл алган Адам укуктарынын жалпы декларациясы БУУга мүчө болгон бардык өлкөлөр үчүн иштейт. Декларациянын 19-беренеси: Ар бир адам өз пикирин билдирүү эркиндигине укуктуу; бул укук өз ишенимдерин эркин тутунуу эркиндигин жана ар кандай жолдор менен жана мамлекеттик чек араларга карабастан маалыматтарды жана идеяларды издөө, алуу жана таратуу эркиндигин камтыйт.

Демек, Кыргыз Республикасында сөз эркиндигин чектөөгө мыйзам жол бербейт.

Жаңы бийликтин биринчи максаты ММКбы?

Буга чейин да массалык маалымат каражаттарына куугунтуктоо болуп келген. Анын кесепетинде бир катар гезиттер жабылган.

Мисалы, Аскар Акаев президент болуп турган учурунда соттун чечими менен парламенттик гезит “Эркин-Тоо” жабылган. Ага официалдуу башкы себеп болуп газета өзүн-өзү каржылай албай калуусу, официалдуу эмес себеби катары Ак Үйдүн басымы айтылып жүрөт.

1995-жылы оппозициялык маанайдагы Respublika гезити жана анын башкы редактору Замира Сыдыковага каршы кылмыш иши козголгон. Замира Сыдыкова шарттуу жаза алган.

1999-жылы “Вечерний Бишкек” гезити Аскар Акаевдин үчүнчү ирет шайлоого катышуу демилгесин антиконституциялык деп атаган. Жыйынтыгында Акаевдин үй бүлөсү гезиттин активдерин ээлеп алышкан. 2000-жылы коллективдин жарымы ишин таштап кетишкен.

Курманбек Бакиев учурунда да маалымат каражаттарына кысым болгон. 2009-жылы Жогорку Кеңештин төртүнчү чакырылышы “Телевидение жана радиоберүү жөнүндө” мыйзам кабыл алат. Мыйзамдын башкы талабы — берүүлөрдүн 50% эне тилде болуусу жана көрүүчүлөргө берилген контент өздүк өндүрүштүн болуусун талап кылат. Бул мыйзамдын ишке ашырылышына көзөмөл Маданият министрлигине берилген.

2008-жылы 2-июнда Биринчи май райондук соту Курманбек Бакиевдин жээнинин аброюна шек келтирди деп “Де-факто” жана “Алиби” гезиттерине 1млн сомдон төлөө чечими чыккан.

2017-жылы март айында башкы прокуратура эки маалымат сайтына карата 7 доо арыз менен кайрылат. Алардын бешөө “Zanoza” экөө “Азаттыкка” багытталган. Арызга аталган медиалар ал убактагы президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтирген маалымат тараткан деген жүйөө келтирилген. «Zanoza» гезитинин редактору Дина Маслова менен Нарын Айып сотто беш доо арыздан утулуп, президентке 27 миллион сом төлөп берүү чечими чыккан. Кийин Атамбаев кечиргенин айткан.

Сооронбай Жээнбековдун башкаруусу учурунда басма сөз эркиндигине байланыштуу мыйзам демилгеленген. 14-майда Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова жазып чыккан “Маалыматты манипуляциялоо” жөнүндөгү мыйзам долбоору коомдук уктурууга коюлган. Бул коомчулук тарабынан кескин сынга кабылып, 29-июнь күнү REакция03 аталышында жөө жүрүш өткөн .

Садыр Жапаров 8-октябрь күнү Өкмөт үйүнүн алдындагы тарапташтарына чыккан. Ал өз сөзүндө жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылып, “ Араңарда айрым журналисттер, аттарын атабай эле турайын, керек болсо эртең айтып берем, колума факт тийген кезде. Ар кайсы күчтөрдүн акчасын алып, тескери маалымат таратпагыла. Менин силерге бере турган акчам жок, ошондуктан мага “против” иштеп жатасыңар”, — деген. Бирок ушу күнгө чейин ал журналисттердин аттарын атай элек.

Reporters Without Borders басылмасы түзгөн рейтинги боюнча Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча 180 өлкө ичинен 82-орунда турат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты