Медиа коомчулук Садыр Жапаровдун журналисттердин дарегине айткандарына тынчсыздануусун билдирди
- 4 года мурун
Кыргызстандагы бир катар медиа уюмдар президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаровдун жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) жана журналисттердин дарегине айткан сөзүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдиришти.
Алардын 10-ноябрда жарыяланган кайрылуусунда Жапаровдун айткандары «журналисттерге карата терс пикир калыптандырып, Кыргызстандагы сөз эркиндигине коркунуч жаратып жатканы» айтылды.
«Журналисттерди айыптаган билдирүү конкреттүү фактылар менен бекемделген эмес. Бирок, Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин социалдык түйүндөрдөгү топторунда анын сөзү «Жапаровду же анын командасын сындаган ЖМКга ишенбеш керек» деген сигнал катары чечмеленүүдө. Президенттин милдетин аткаруучунун ЖМКга карата оозеки чабуулу журналисттерди социалдык түйүндөрдө коркутуп-үркүтүүнүн жана куугунтуктоонун бутасына айландырды» деп айтылат кайрылууда.
Кайрылууга Кыргызстандагы ондон ашык медиауюмдар, жалпыга маалымдоо каражаттары жана журналисттер кол коюшкан. Кол койгондор анда президенттин милдетин аткаруучу Жапаровду «демократиялык коомдогу көз каранды эмес жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролун ачык таанууга жана ырастоого», каралоодон карманууга чакырган.
Ушундай эле мазмундагы кайрылуу 9-ноябрда «Жарандык көзөмөл комитети» уюмунун атынан жарыяланып, анда Жапаровдун билдирүүсү боюнча «өзгөчө тынчсыздануу айтылган:
«Комитет Жапаровдун жалпыга маалымдоо каражаттарын «туура» же «туура эмес» деп жиктеп бөлгөн сөздөрүнө абдан кабатыр. Кыргыз Республикасында ким болбосун, сөз эркиндигинен пайдаланууга тең укуктуу. Бул — Кыргызстандын эркин элинин бирден-бир жеңиштеринен. Садыр Жапаров өзү эч кандай чектелбеген сөз эркиндигинен пайдаланып келет жана эгерде ал «Азаттык» радиосу анын айткандарын «бурмалап жатат» деп эсептесе, каалаган ЖМК аркылуу өз иш-аракеттерин чечмелеп-түшүндүрүү боюнча толук мүмкүнчүлүктөргө ээ».
3-ноябрда Жапаров «Region» телеканалындагы маегинде «Азаттык» радиосу тууралуу: «Бир сааттыгын уктум. Абдан катуу сындап, менин сөздөрүмдүн баарын эптеп-септеп бир жеринен бурмалап алып башкача ойдо элге жеткирип жатат. Бул, албетте, туура эмес. Мурда эки тараптуу кылып берчү. Акыркы бир айдан бери тынбай эле менин ар бир сөзүмдү бурмалап жатышат» деген. Ошону менен катар Жапаров мыйзамды жана Конституцияны бузбай иштеп жатканын белгилеген.
Анын бул билдирүүсү социалдык түйүндөрдө тарап, «Азаттык» радиосунун дарегине коркутуп-үркүтүү күчөгөн.
Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров сөз эркиндигин кысымга албайт жана ЖМКны бөлбөй тургандыгын анын басма сөз катчысы Галина Байтерек айрым медиа коомчулуктун кайрылуусу боюнча комментарийинде.
“Айрым медиа уюмдардын кооптонуусуна негиз жок. ЖМК кандай гана тема болбосун коомчулукка калыс жеткириши керек” деп билдирди басма сөз катчы.
Президенттин милдетин аткаруучу ЖМКны сөз эркиндиги менен кошо жоопкерчилик да болушун өтүнө тургандыгын да басма сөзкатчысы кошумчалады.