2 килограммдан ашык баңгизат сатууга аракет кылган жаран кармалды

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан жалпы салмагы 2 килограммдан ашык баңгизат сатууга аракет учурунда 1961-жылы туулган Ош облусунун Ж.С.А. аттуу тургуну кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.

Ал кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуумаксатында мыйзамсыз даярдоо) менен сотко чейинки өндүрүштүн алкагындагы комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө кармалды жана УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканы кабарланды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты