​Ош облусуна губернатор болуп барган Жарасул Абдураимов Каныбек Осмоналиевдин бир тууганы

  • 3 года мурун

Жарасул Абдураимов Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү болуп дайындалды.

Жарасул Абдураимов экс-депутат Каныбек Осмоналиевдин бир тууган иниси.

Каныбек Осмоналиев убагында Садыр Жапаровду абактан чыгарууну талап кылган митингге чыгып, ошонун аркасынан камалып чыкканы белгилүү.

“Ошол эмгеги үчүн бир тууганын Садыр Жапаров кызматка коюп атабы?», — деп Каныбек Осмоналиевден сурап көрдүк.

Ал Жарасул Абдураимов иниси экендигин, бирок анын кызматка келүүсүнө эч кандай тиешеси жоктугун айтат:

Ушундай жалган маалыматтарга ишенбегилечи. Иним 60 жашка чыккан киши. Мен аны колунан жетелеп кызматка алып келгидей жаш бала эмес да. Иним Жарасул өндүрүш тармагы менен, мен илим жагы менен кеткен кишимин. Ал убагында чоң заводдордо директор болуп иштеген. Садыр Жапаров менен да иштешип эле жүргөн”.

Ошондой эле, Каныбек Осмоналиев өзү да инисинин Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү болуп дайындалганын эртең менен укканын билдирди.

Айта кетсек, Жарасул Абдураимов 1960-жылы 23-февралда Ош облусундагы Алай районунун Гүлчө айылында туулган.

Билими:

1968-1976 — Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы мектеп-интернатта тарбияланган;

1976-1984 — Кара-Кулжа районундагы №1 мектепте билим алган;

1979-1984 — Екатеринбург шаарындагы Урал политехникалык институтунда окуган;

Иш тажрыйбасы:
1984-1990 — СССРдин 50 жылдыгы атындагы заводдо ар кандай кызматты аркалаган;

1993-1996 — «Дастан» ААКтын президенти;

1996-1999 — «Jarasul» ЖЧКсынын башкы директору;

1999-2000 — «Жанар» ишканасынын президенти;

2000-2007 — Жалал-Абаддагы Таш-Көмүр шаарындагы «Кристалл» ишканасынын башкы директору. Андан кийин Нанотехнология институтунун ректору;

2009-2010 — Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин техникалык жөнгө салуу бөлүмүнүн башчысы;

2011 — Мини футбол федерациясынын президенти;

2013-2015 — Кыргыз-орус «Munai ExIm» ЖЧКсынын директору. «Кумтөр Голд Компани» ЖЧКсында жергиликтүү камсыздоону өнүктүрүү боюнча директордун орун басары, «Ысык-Көл облусунда жумуш орундарды түзүү жана өнөр жайды өнүктүрүү» долбоорунун жетекчиси;

2016 — Машина куруучу JONWAI Machinery Works Co., Ltd заводунун Борбордук Азиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси;

2018 — биринчи вице-премьердин инвестиция тартуу жана өнөр жай маселелери боюнча коомдук башталыштагы кеңешчиси;

2019 — Азия өнүктүрүү банкында өнөр жай секторун өнүктүрүү боюнча эксперт. Экономика министринин коомдук башталыштагы өнөр жай боюнча кеңешчиси;

Үй-бүлөлүү. Бир уул, эки кыздын атасы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты