Эгемендикке келтирилген доонун кесепети кандай болот? (ВИДЕО)

«ПолитКлиника” медиасынын “Сереп” берүүсүндө «Биримдик» партиясынын лидери Марат Аманкуловдун -“30 жылдык эгемендигибиз ойлонууга жана кайтууга мезгил жеткенин көрсөттү” деп айткандары жана мамлекетибиздин Эгемендиги тууралуу ой-пикирдин тегерегинде сөз болот.

Бизде мейманда-коомдук ишмер, “Ашар” козголушунун төрагасы ЖУМАГАЗЫ САДЫР уулу.

“Уялбастан, актанууга өтүштү”

-“Биримдик” партиясынын лидери Марат Аманкуловдун “30 жылдык эгемендигибиз ойлонууга жана кайтууга мезгил жеткенин көрсөттү”деп айткандары коомчулукта чоң талкууга алынууда. Аманкуловдун айткандарын сиз кандай комментарийлейт элеңиз?

-Булардын саясий ишмер, жетекчи жана саясий уюм катары алсыздыгынын жана 30 жыл ичинде боорун көтөрүп туралбаганынын далили. Биз тескерисинче 30 жылда кайра эгемендүүлүктү кандай кылып бекемдейбиз деп, улуттук идеологиябыз, дүйнө таанымыбыз кандай экенин түшүнүп, ошону калыптантып баратабыз.

Кеп былтыр айтылган экен, бул чыкканчылыкка барабар деп айтсак болот. Бул кишилер уялбастан, кечирим суроонун ордуна актанууга өтүштү.

— Аманкулов жогорудагы айткандары боюнча сынды парламенттик шайлоо алдындагы чагымчылдык деп баалады. Ошол эле кезде айткандары бурмаланып жатканын, бул жерде сөз Алтай цивилизациясы тууралуу болгонун кошумчалады. Буга кандай дээр элеңиз?

-Анысы деле суу кечпеген актануу. Анткени булар бараткан партия эгемендүүлүгүбүздү садага чаап, Орусиянын ураанын, Евразия деген ураанды көтөрүп жатканынын өзү былтыркы айткан сөзү менен быйылкы партиянын башчысы катары урааны менен өзүн-өзү далилдеп отурат. Былтыркы сөзү андан да бекемделди. Жөн эле кечирим суроо эмес, жоопкерчиликке тартылыш керек.

Ала-Тоо аянтында акция өрөпкүтүп кубантты

-Жер-жерлерде да каршылык акциялары болуп өтпөдүбү…

— Биз эгемендүүлүк, азаттык үчүн аракет кылып, күрөшүп баштап жатканда башка улуттар байкап, мамлекеттин оош-кыйышына кийлигишпейли деп четтеп турчу эле. Кечээ жакындагы Ала-Тоо аянтындагы каршылыкта, мени абдан өрөпкүтүп кубантканы башка улуттун өкүлдөрү, ошол эле биздин орустарыбыз “эгемендигибизди баалайлы, бу жерде ата-бабабыздын сөөгү жатат” деп, жетилип баратканыбызды, эгемендүүлүгүбүз бекемделип калганын көрсөттү.

“Тарыхыбыздан сабак албай жатышат”

— Президентибиз Сооронбай Жээнбеков 28-сентябрда Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолукканда Кыргызстанда өлкөнүн стабилдүүлүгүнө, өнүгүүсүнө каршы ар кандай күчтөр активдешкенин айтып кетти. Алар Кыргызстандын көз карандысыздыгына, эки өлкөнүн мамилесине доо кетирерин, андайларга жол берилбестигин билдирди. Ушул жолугушууда айтылгандарга комментарий бере кетсеңиз.

Азыркы бийликке келгендер биздин 30 жылдык тарыхыбыздан эч кандай сабак албай жатат. Мисалы шайлоонун шайтан оюндары дейбизби, ушунда биздин саясий абал курчуйт. Биринчи президентибиз Акаевдин убагында мыйзамды бузуп , баласын, кызын шайлоого түртүп, аракет кылганда, элдин кыжырын келтирди.

Үй-бүлөсү, туугандары менен бийликке аралаштырып, баарынан элдин чыдамын кетирген ар бир чалууга 60 тыйын алуу болгон.

Азыркы бийлик элге шылтабасын. Эч кандай күч жок бул жерде. Форма 2, аны жарым миллионго жеткирүү менен, ошол чагымчылдыкты өздөрү жасап жатат. Эгер элдин пикирин эске албай, кайра эле кол толгоп, бийликтеги партияларды бийликке алып келип алып, форма-2 менен бузууларга барса, анда бизде дагы бир чоң өзгөрүүлөр, чоң кармаштар болуп кетиши мүмкүн.

Бул — кошоматчылык. Бийликти сактап калуунун амалы

-Шайлоого бараткан партиялар Евразиячыл деп ураан салып жатышат. Евразиячылдык дегенди кандай түшүнүүгө болот?

-Кезегинде Гумилёвдор, окумуштуулар, андан кийин саясий айдыңда Назарбаев көтөрүп чыккан. Евразиялык экономикалык союз деп түзүлбөдүбү. Анын жаман-жакшы жактарын көрүп жатабыз. Эми аны көтөрүп эмне кереги бар эле? Азыркы тапта бул кадимки эле кошоматчылык, бирөөнүн колтугуна кирип, чоң күч менен бийликти сактап калуунун эле амалы.

Бирөөнүн этегин кармап жашоого болбойт

гемендик үчүн эзелтен күрөшүп келген улуу муун, Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Баялы Исакеев жана башкалардын эмгегин даңазалап, дагы кандай иштерди жүргүзүш керек?

-Үркүндүн сабагын, азыр өзүң эскертип кеткен Абдрахманов, Абдыкерим Сыдыковдор алыптыр. Үркүндүн сабагы азаттыгыбызга каршы күрөш турбайбы деп.

Бизде азыр партияларды бириктирчү чоң ой жок болуп жатат. Мен ойлор элем, ошондой ой, эки ажобузду кууган азыркы системабыз жарабайт экен, санариптик элдик курултайга келишибиз керек. Азыркы саясий күчтөр ушул ойго бириксе деп ойлойм. Азыркы система ач көздүк менен өзүмчүлдүккө таянган.

-Эгемендикти алып келүүгө күрөшүп келгендердин катарында “Ашар” козголушун уюштурдуңуздар эле. Ошол кезден бир эпизод айта кетсеңиз.

-Ары-бери чайпалдык, шайлоочулар клубу дегенге бардык, анан элдик майдан түзүлмөй болду деди, ага деле ичибиз чыккан жок. Анан колго чабышты. Андан кийин “кайыптан акыл табылып” дегендей, жер басып жатыптыр деген чыкты.

Анан дүрбүп, кан ойгонуп, буларга кошулам дедим. Анда Советтер Союзу күчтүү, аскер бөлүктөрү бар эле. Анан үч ай митингиледик. Ошондо 1-катчыдан баштап ЖК төрагасы, министрлер кеңешинин төрагасы, жазуучулар барып, азыркы Арча-Бешик болчу, ошол жерде чечилген, үй салып аласыңар деп. Бирок ага чейин бизди Советтер Союзуна каршы чыгып жатасыңар деп куугунтуктаган учурлар болгон.

1991-жылы 4-июнда “Өмүр көчү” жөө жүрүшүн уюштурдук. Ошондо азаттык келе элек, азаттык деген урааныбыз бар болчу. Бул жөө жүрүштү мен азаттыктын карлыгачы деп эсептээр элем.

-Үркүн тууралуу китеп чыгарган турбайсыздарбы?

-75, 90, 100 жылдыгын жаздык. Ушунун баарында коомчулук, жөнөкөй адамдар, демилгечилер аралашты. 75 жылдыгын элибиздин эсине салдык. 90 жылдыгында коомдук уюмдар ашууда калган сөөктөрдү жашырып келгенбиз. 100 жылдыгында мамлекеттик деңгээлде жакшы иш-чара болду, Ата бейитке эстелик тургузулду.

Бирок ал жетишсиз деп ойлойбуз. Ошону эскерткен тарыхый-маданий ордо түзүлүшү керек. Түштүк дарбазада 10 гектар жер турат, ошону жөнөкөй эле эс алуучу бакка айландырбай, панорама, (аны жайкалыш деп котордум) жасаш керек. Адамдар ошол жерге эс алууга эле барбай, тарыхыбызды да үйрөнүшү керек.

Жеке эле Үркүндү эмес, Эне-Сайдан бери Венгр тарабында жаткан да каганатыбыз, Евразия деген ошол. Ошондо биздин жаңы муундун сезими ойгонуп, эгемендигибизди аздектейт беле деген үмүт, тилек.

Эч качан бирөөгө багынып, бирөөнүн этегин кармап жашоо болбойт, ал — маңкурттун, кулдун жашоосу. Биз ага жол бербейбиз.

Чагымчылдык булагы ошол партиялардан чыгууда

-Аманкуловдун айткандары боюнча анын жоопкерчилиги каралышы керекпи?

-Аравандагы эки топ мушташа кетип, аларды шайлоодон алып салбадыбы. Муну да алып салыш керек. Партияны да ушул окуя жана форма-2 боюнча четтетиш керек.

Форма-2 боюнча айрым партиялар шайлоочуларын көбөйтүш үчүн жасап жатат деген пикирлер айтылып жатпайбы…

-Эң туура пикир. Биз көрүп, билип, жатабыз, анын баарын БШК кабыл албай жатат. “Открепительный (бошонуу-А.Б.) талон” деген киргизилген, бирок атайын жасап жатышат. Ошонун эсебинен өтүп, анан чуу чыгарса, “мына ички күчтөр мамлекетибизди талкалап” дегенге шылтоо кылган жатат. Чагымчылдык булагы ушул партиялардан чыгууда.

-Партия лидеринин, буга чейин мурдагы элчи Райымкул Аттокуровдун айткандары, ушундай маанай кандай кесепетин тийгизиши мүмкүн?

-Ошого таянып алып, берки башка, мекенчилдиктин, акыл-эстин пикирин укпай, жеке, ачкөз , өзүмчүл саясатты жүргүзүп, аны уланта берүүгө шарт түзүлүшү мүмкүн.

-Эгемендик алган жылдары элде мекенчилдик дух күчтүү эле, азыр да элде ошондой дух барбы?

-Бар. Уучубуз куру эмес экен. Бирок ошолор көбөйүшү керек. Манас ыйык, башкы китебибиз деп коебуз, туура. Бирок ошону терең окубай жатпайбызбы, ошонун баарын терең окусак, билсек, пикирлер чыгып жатат. Аманкулов менен Аттокуров Манаска эне тилибизге, тарыхыбызга сүңгүгөн эмес, тарыхыбызды билбейт, ошон үчүн ооз учунан жанагындай пикирин айтып жатат.

Айгүл Бакеева/ПолитКлиника

Сүрөттөр: “ПолитКлиника” медиасы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты