Кара-Сууда оорукана ачылат

  • 4 года мурун

Коронавирус инфекциясы жайылып кеткен учурда Ош облусунун Кара-Суу районунун Баш-Булак айылындагы лицейдин имаратын 150 орундуу жугуштуу оорулар ооруканасына айлантуу чечими кабыл алынып, оңдоо-түзөө иштери жүрүүдө.

Капиталдык оңдоп-түзөө иштери «Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду» коомдук фондунун жана республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүп жатат.

Учурда имараттын чатыры оңдолуп, жылытуу системасы, жасалгалоо иштери жүрүп жатат. Объектте 100дөн ашык адам иштейт.

Ошондой эле, жакынкы убакта оорукана электрондук саламаттыкты сактоо системасына кошулат.

Президент Сооронбай Жээнбеков 10-сентябрда, Ош облусуна болгон учурда оорукана катары кайра баштан жасалып жаткан мурдагы лицейдин имаратын капиталдык оңдоп-түзөө иштери менен таанышты.

Өлкө аймактарында медициналык мекемелерди капиталдык оңдоп-түзөө иштери улантылып, ал эми Бишкек, Ош жана Нарын шаарларында жаңы жугуштуу оорулар ооруканалары курулуп жатат.

Сүрөт: presidentt.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты