​Бишкекке Екатеринбургдан Кыргызстандын жарандары кайтып келди

  • 4 года мурун

«Манас» эл аралык аэропортунда 17-августта «Авиатраффик» авиакомпаниясынын чартердик каттамын тосуп алышты. Бул каттам менен Россиядан 153 кыргызстандык кайтып келди, анын ичинде жаш балдар да бар.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Авиарейс чет мамлекеттерден мекенине келе албай жаткан биздин жарандарды кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында уюштурулган.

Бул каттам менен Бишкекке Екатеринбург, Челябинск, Тюмень, Сургут, Салехард, Жаңы Уренгой, Надым, Курган, Магнитогорск, Пермь жана башка шаарлардан мекенине чукул түрдө кайтууга муктаж болгон жарандар учуп келди.

Сүрөт: ТИМ маалымат кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты