Кара-Сууда чагылган түшүп, бир бала каза болду
- 4 года мурун
21-июлда кечинде Ош облусунун Кара-Суу районунун Сарай айыл аймагына караштуу Миялы айылында чагылган түшүп, кырсыктын кесепетинен мал кайтарып жүргөн 2007-жылы туулган бала каза болгон.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
21-июлда Кара-Суу метеостанциясынын билдирүүсү боюнча 18:45те күн күркүрөп, 21:40 ка чейин уланган.
Муну бөлүшүү