19-майда: Көпчүлүк аймактарда жаан жаашы күтүлөт

  • 1 год мурун

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, бүгүн, 19-майда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк жерлеринде, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаашы күтүлөт, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт, Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарында жаан катуу жаашы күтүлөт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк жерлеринде, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын жана Баткен облусунун тоолуу аймактарынын айрым жерлеринде жаан жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо кар жаайт. Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чеин жетиши ыктымал.   

Абанын температурасы:   

Чүй облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 20…25;

Талас облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24;

Баткен облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 23-28;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 23…28;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 15…20;

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20;

Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14, күндүз 21…23 градус ысык болот.

18-19-майда Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү тараткан.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетиши күтүлөт.

19-20-майдагы туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатарын өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) эскертет.

18-19-майда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты