Шашылыш билдирүү: 18-19-майда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт

  • 1 месяц мурун

Ысык аба ырайынан кийин 18-19-майда Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

18-майда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде, күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, 19-майда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетиши күтүлөт.

18-19-20-майда түнкүсүн абанын температурасы төмөндөйт: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13°, күндүз 20…25°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 6…11°, күндүз 19…24°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 11…16°, күндүз 21…26°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 3…8°, күндүз 15…20°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 2…7°, күндүз 15…20°, республиканын тоо этектериндеги райондорунда түнкүсүн 5…10°, күндүз 14…19°, тоолуу райондордо түнкүсүн 1…6°, күндүз 11…16° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз 1…6° жылуу болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатарын өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) эскертет.

18-19-майда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты