Аттарын эстеп калгыла! Парламент «Маалыматты манипуляциялоо тууралуу» мыйзамды үчүнчү окууда кабыл алды

  • 4 года мурун

«Маалыматты манипуляциялоо тууралуу» мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш экинчи, үчүнчү окууда дагы кабыл алды. Болгону 10 гана депутат каршы чыкты, 79 депутат макул деп добуш берген.

Каршы чыккан депутаттар:

Жанар Акаев

Анвар Артыков

Дастан Бекешев

Айгерим Бешимбаева

Мирлан Жээнчороев

Каныбек Иманалиев

Айсулуу Мамашова

Наталья Никитенко

Карамат Орозова

Эльвира Сурабалдиева

Бүгүн бул мыйзам Жогорку Кеңеште кызуу талкууга алынган эле.

Мыйзамдын демилгечилери аталган мыйзам фейк аккаунттар, жалган маалыматтар менен күрөшүүгө багытталганын айтканы менен, ал техникалык жактан кантип иштеп кетээрин түшүндүрүп бере алышкан жок.

Айрым депутаттар болсо бул мыйзам долбоору фейктер менен күрөшө албай турганын, бул парламенттик шайлоонун алдында өз пикири бар, же сын пикир айткан адамдардын оозу жабууга колдонулат деген пикирлерин айтышты.

Бул мыйзамга каршы пикирлерин билдирип, журналисттер жана жарандык коомдун өкүлдөрү Жогорку Кеңештин жанында митинг дагы уюштурушту.

Социалдык тармактарда дагы бул мыйзам долбооруна каршы флэшмобдор өтүп жатты.

Эми бул мыйзам Президенттин кароосуна жиберилет.

Тизме:

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты