Таласта активист Айбек Бузурманкулов кармалды

  • 4 года мурун

Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы жарандык активист Айбек Бусурманкулов «Жерүй» алтын кени боюнча жыйын өткөрүүнү пландап жатканына байланыштуу кармалганын ЖМКка тастыктады.

“Митингге чакырып, чогулуш уюштурабыз деген маалыматтар бар болчу. Ошол боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн кармалды” деди Талас ИИБден.

Буга чейин жарандык активист Айбек Бусурманкуловдун Болот Шерди акыркы сапарга узатуу зыйнатынан кайтып келе жатканда Талас ИИБ милициясы кармаганы кабарланган.

Сүрөт: «Фейсбук» социалдык тармагынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты