​Индиядан 6 кыргызстандык кайтып келди

  • 4 года мурун

2-июнда “Air India” авиакомпаниясынын Дели-Бишкек-Дели каттамы боюнча чартердик рейс менен кыргызстандык 6 жаран кайтып келди.

Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Кайтып келгендер бекитилген тартипте обсервацияга алынды.
Дүйнөдө коронавирус инфекциясынын пандемиясынан чек аралардын убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам, чет өлкөлөрдөн Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча иш улантылат.

Бүгүн ошондой эле Беларустан, Минск шаарынан, «Avia Traffic Company» авиа комппаниясынын учагы менен бир катар чет өлкөлөрдөгү кыргызстандык 179 жаран кайтты.

Сүрөт: ТИМ.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты