Ошто эки медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды
- 4 года мурун
Ош шаарында 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
Ал эми республика боюнча стационардан бир суткада 2 медкызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан COVID-19 жуктуруп алнан медициналык кызматкерлердин саны – 364кө жетти.
254 медкызматкер айыкты.
2-июнда бир суткада республикада COVID-19 инфекциясынын жаңы 28 учуру аныкталып, бардык саны 1845ке жетти.
38 киши айыгып чыкты, айыккандардын жалпы саны 1219 болду.
Нарында 79 жаштагы аял коронавирустан каза тапты.
Муну бөлүшүү