Бишкектеги коронавируска чалдыккандардын көбү Арча-Бешикте жашайт

  • 4 года мурун

Бишкекте мурдагыдай эле коронавирустун эң көп жуккан учурлары Ленин районунда — 118, Октябрь районда- 91, Биринчи май районунда 65 жана Свердлов районунда — 58.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов маалымат жыйынында билдирди.

Оору жуккан 106 учур Бишкек шаарындагы 23 турак жай конушунан чыкты:

Арча Бешик конушунда – 32;

Ак-Босого конушунда-13;

Көлмө конушунда – 13;

Көк-Жар конушунда – 8;

Ак-Өргө конушунда – 7.

Калган конуштарда 1ден 4кө чейин учурлар катталууда.

30-майга карата Кыргызстанда бир суткада COVID-19 инфекциясынын 60 учуру аныкталды.

Коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 1722 болду. 16 киши каза тапты.

Бир суткада 25 киши айыкты. Айыгып чыккандардын бардык саны 1113кө жетти.

30-майда бир суткада аныкталган 60 учурдун 15и Бишкек шаарына туура келет. Ал эми республика боюнча катталган 1722 учурдун 383ү Бишкек шаарына туура келет.

Сүрөт: Арча-Бешик конушу. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты