Калича Умуралиева үч сааттан ашык сурак берди

Бишкетеги “Шаардык парктар” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Калича Умуралиева 28-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине үч сааттан ашык сурак берип чыкты.

Ал күбө катары “Ынтымак” паркында ишкердик жүргүзгүсү келген Тажибаев аттуу жаранга ижарага орун берүү иши боюнча суралганын билдирди.

“Тажибаев аттуу жаран менен ишкерлик келишими түзүлгөн, акча кассага кириштелген. Чыгаша ордери Тажибаевге берилген” деди ал.

Умуралиеванын кабинетинде УКМК тинтүү жүргүзгөн. Бир катар ЖМК Калича Умуралиева пара менен кармалганын жазып чыгышкан. Калича Умуралиеванын адвокаты Эрик Ырыскулбеков ал маалыматтар чындыкка дал келбегенин айтып чыкты.

Сүрөт: Интернет булактарынан.





Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты