​Тажикстанда быйыл айт намазы жамаат менен окулбайт

  • 4 года мурун

Тажикстанда быйыл айт намазы жылдагыдай жамаат менен окулбайт. Бул тууралуу 18-майда Тажикстнадын ислам борборунун уламалар кеңеши билдирди.

Кеңештин мүчөлөрү айрым динчилдер айт намазды интернет аркылуу өткөрүүнү сунуштап жатышканын, бирок бул ханафи мазхабына туура келбестигин белгилешти.

Өлкөнүн дин иштери боюнча комитети мындай чечимдин кабыл алынышына коронавирус эпидемиясы себеп болгонун кабарлады.

18-апрелде тажик бийлиги коронавирус коркунучунан улам мечиттерде жамаат менен намаз окууга тыюу салган.

18-майга карата өлкөдө коронавирусту жугузуп алгандардын саны 1729 адамга жетти. Алардын ичинен 41 бейтап каза болду.

Сүрөт: «Радио Озоди».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты