Мадумаров Баткенде жаракат алган аскер кызматкерлеринен кабар алды

  • 4 года мурун

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Баткен облусунда чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде ок атуучу курал колдонуу менен болуп өткөн окуя учурунда жаракат алып, ооруканага жаткырылган аскер кызматкерлеринен кабар алды.

Мадумаров аскерлерге сакайып, күч-кубатын калыбына келтирүүнү каалап өттү, ошону менен бирге аларга мамлекет тарабынан тиешелүү жардам көрсөтүлөрүн белгиледи.

Вице-премьер-министр укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен аймактагы кырдаалды турукташтыруу боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча тармактык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына коопсуздук чараларын, чектеш айылдардагы чыңалууну четтетүү боюнча чаралардын топтомун көрүү жана коомдук тартипти сактоо боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жумушчу топтордун мындан аркы ишмердүүлүгүнө тийиштүү тапшырмалар милдеттендирилди.

Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 8-майда, кыргыз-тажик чек арасынын Чек аттуу жеринде ок жаңырган. Кыргыз-тажик чек арасында атылган октон төрт кыргызстандык жабыркады. Алардын бирине операция жасалгандан кийин абалы оор экенин кабарлаган.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты