Ош, Жалал-Абад, Баткенде суу деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт
- 4 года мурун
- Видео
10-майда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал Абад, Баткен облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
10-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолорго кар түшөт. Күндүз дээрлик өлкөнүн бүт аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда катуу жаан-чачын болот. Батыштан жел согуп турат.
Абанын температурасы:
Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 15…20,
Талас облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 12…17,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27,
Чүй облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 16…21 градус ысык.
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7 градус жылуу.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт, күн күркүрөйт. Түнкүсүн 10…13, күндүз 23…25 градус жылыйт.
Бүгүн, 9-майда, Баткенде нөшөрлөп жамгыр жаады.
Социалдык тармактарда анын видеосу жарыяланды.
Сүрөт: Интернет булактарынан.