​Reuters: АКШ Айдагы пайдалуу ресурстарды иштетүү жөнүндө келишим даярдоодо

  • 4 года мурун

Reuters агенттиги АКШ Айдагы пайдалуу ресурстарды казуу боюнча эл аралык долбоордун үстүндө иштеп жатканын, келишимдин катышуучуларынын арасында Орусия жок экенин билдирди.

Документ «Артемида келишими» (Artemis Accords) деген атка ээ болгон. Макулдашууда атаандаш өлкөлөрдүн же компаниялардын кийлигишүүсүнүн алдын алуу үчүн Айдагы пайдалуу кендерди казуу базаларынын айланасында “коопсуз аймактарды” түзүү, укуктук база иштеп чыгуу каралган.

Трамптын администрациясындагы жогорку кызматтагы чиновник АКШ келишимди Бириккен Улуттар Уюмунда (БУУ) эмес, өз алдынча иштеп чыгууну чечкенин билдирген. Жакынкы апталарда Кошмо Штаттар келишимди өнөктөш өлкөлөргө сунуштайт. Алардын арасында Канада, Жапония, Бириккен Араб Эмираттары жана Европа өлкөлөрү бар. NASA менен Эл аралык космос станциясынын негизги өнөктөшү болгон Орусия сүйлөшүүлөргө чакырылбайт.

АКШ президенти Дональд Трамп 6-апрелде коммерциялык максатта Ай, Марс жана башка астрономиялык объектилердеги ресурстарды иштетүү жөнүндө жарлыкка кол койгон. «Роскосмос» бул аракетти «космос мейкиндигин басып алуу» деп атаган.

1979-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясында “Айдагы жана башка астрономиялык объектилердеги ишмердүүлүк” жөнүндө келишим кабыл алынган. Ага 18 өлкө кол койгон. АКШ менен Орусия алардын арасына кирбейт. Бул документке ылайык, Ай жалпы адамзаттын байлыгы деген макамга ээ.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Сүрөт: ТАСС.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты