Ош облусунда жер титиреди
- 4 года мурун
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 4-майда саат 12:13тө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Өзгөн районунун Кыргызстан, Ничке-Сай, Чангет, Калта айылдарында 2 баллга чейин сезилген.
Жабыркагандар жок экенин өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Муну бөлүшүү