Географияны мыкты билген Кайрат боорукер да киши болуп чыкты

Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев географияны мыкты билген Кайрат аттуу жаранга Бишкек комендатурасынын өкүлдөрү жолугушканын билдирди. Комендатура гуманитардык жардам берсе, Кайрат аны жакындары жана муктаждарга бөлүшөөрүн билдиргенин айтты.

Алгач географияны мыкты билгендиги менен таң калтырган Кайрат аттуу жаран тууралуу социалдык түйүндөргө жарыялаган Borubek Kudayarov аттуу колдонуучунун кечээки видеосун эсиңиздерге сала кетели.

Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев мындай деди:

-Сиздердин ыкчам жардамыңыздар менен бүгүн Кайратка жолуктук.

Кайратиын ак көңүлдүгү жана мээримдүүлүгүнө баа бердим. Себеби берилген азык-түлүктү жакындарына алып барып жана муктаж болгондор менен бөлүшөөрүн айтты. Кызматкерлер тарабынан өзү сураган жерине жеткирилди.

Анын документтерин алууга жардам беребиз.

Бишкек шаарында абал туруктуу жана биздин көзөмөлүбүздө,- деди комендант Орозалиев.

Сүрөттөр: Бишкек комендатурасы.

Видео: Borubeл Kudayrov.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты