​АКШга иммиграция убактылуу токтотулду

  • 4 года мурун

АКШнын президенти Дональд Трамптын коронавирус эпидемиясына байланыштуу чет өлкөлүктөрдүн иммиграциясын убактылуу токтотуу тууралуу жарлыгы күчүнө кирди.

Өлкө башчы бул чечимин америкалыктар үчүн жумуш орундарын жана медициналык ресурстарды сактап калуу зарылдыгы менен түшүндүрдү.

Буга чейин Трамп жарлык 60 күн күчүндө болорун, зарылчылык жаралса бул мөөнөт узартылышы мүмкүндүгүн айткан. 24-апрелден тартып күчүнө кире турган жарлык Кошмо Штаттарга кирүүгө укук ала элек чет өлкөлүктөргө тиешелүү болот. Ошол эле маалда медицина кызматкерлери, эпидемияга каршы күрөшүү үчүн керектүү болгон башка кесип ээлери жана АКШ жарандарынын жакын туугандары өлкөгө кире алышат.

АКШда иммиграция федералдык мыйзамдар менен көзөмөлдөнгөндүктөн, президенттин чет өлкөлүктөрдүн кирүүсүн чектөө аракеттери боюнча сотко кайрылууга болот.

АКШ коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат.

24-апрелге карата АКШда 869 945 кишиде вирус аныкталып, алардын 47 миңден ашыгы каза болду.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты